Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы, мурдагы аскердик чалгын кызматынын жетекчиси Кирилл Буданов Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аймактык комплекттөө борборлорундагы (ТЦК) коррупция жана аскер кызматкерлеринин бөлүктөрдү таштап кетишин өлкөнүн коргонуу жөндөмүнө таасир эткен олуттуу көйгөй деп атады.
Бул тууралуу ал Башкы штабдын жана укук коргоо органдарынын жетекчилиги астында өткөн жыйында билдирди.
Будановдун айтымында, аталган эки көйгөйгө каршы "айкын жана натыйжалуу чечимдер" даярдалууда. Бирок кандай чаралар көрүлөрү азырынча белгисиз.
Украинада 2022-жылдын 24-февралында Орусия кол салгандан бери аскердик абал жана мобилизация режими күчүндө. Аскер курагындагы эркектерге өлкөдөн чыгууга чек коюлган, ал эми мыйзамдуу негизде мөөнөттөн бошотуу болбосо аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн.
Мобилизация маселелери менен иш алып барган аймактык комплекттөө борборлоруна (ТЦК) украин коомчулугунун пикири бир кылка эмес. Бир жагынан коррупция фактылары (пара берүү аркылуу аскерге чакыруудан бошотуу), экинчи жагынан аскердик милдетин өтөп жаткандарга күч колдонгон учурлар тууралуу айтылып келет.
Интернетте аймактык комплекттөө борборлорунун иши жөнүндө дагы көптөгөн видеолор тараган. Бул материалдарга орус пропагандасы дагы өзгөчө басым жасайт. Ошол эле учурда Украина бийлиги аскерге баруудан качкандар же аскер бөлүгүн өз алдынча таштап кеткендер маселеси бар экенин моюнга алат.
Орусиянын Украинага каршы согушунун жүрүшүндө бир катар резонанстуу операцияларды координациялаган, мурда чалгын кызматынын (ГУР) башчысы болгон Кирилл Буданов бир нече күн мурда Андрей Ермак коррупциялык жаңжалга байланыштуу кызматтан кеткенден кийин президенттин кеңсесин жетектей баштады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ишемби күнү билдиргендей, Буданов менен санкциялык саясат маселесин да талкуулаган. Президенттин айтымында, сүйлөшүүлөрдө украин делегациясын жетектеген Рустем Умеров 10-январда тынчтык демилгеси боюнча америкалык өнөктөштөр менен кайрадан байланышта болгон.
Орусиянын Воронеж шаарына 10-январдын кечинде дрондор чабуул койду. Көп кабаттуу бир нече турак жай, дрондордун бири жарылганда беш батир зыян тарткан. Күбөлөр шаардын ар кайсы райондорунда болжол менен 25 жарылуу болгонун билдиришти.
Воронеж облусунун губернатору Александр Гусевдин маалыматында, атып түшүрүлгөн дрон сыныктары тийгенден улам эки адам жараат алган. Көп батирлүү турак үйдүн жана курулуп жаткан бир имараттын айнектери жана сырты талкаланган. Дагы бир үйдөгү батирде өрт чыгып, өчүрүлгөн. Бир автоунаага зыян келтирилген.
"Базанын" маалыматында шаарга жасалган чабуулдан кийин төрт адам ооруканага жаткырылган. Экөөнүн абалы оор, экөөнүкү орточо оор. Воронеж облусунун бардык аймагында 10-январдан тартып дрон чабуулунун коркунучуна байланыштуу режим иштеп жатат.
10-январда Орусиянын Волгоград, Геленжик, Краснодар жана Чебоксары шаарларынын аэропортторунун ишине, учактардын учуп-конуусуна убактылуу чектөө киргизилген. Борбор калаа Москвада да ишембиге караган түнү дрон коркунучунан улам Домодедово жана Жуковский аэропортторунда рейстердин убактысы өзгөртүлгөн. Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 10-январга караган түнү өлкө аймактарында жана оккупацияланган Крымда 59 дрон жок кылынган.
Ага чейин 9-январда орус армиясы Украинанын борбор калаасы Киевге жана Львов шаарына жапырт дрон соккусун урган. Украин борбор калаасынын мэри Виталий Кличко бул чабуулду "маанилүү инфраструктура үчүн эң оор чабуул" деп атаган. Киевдеги көп кабаттуу үйлөрдүн дээрлик жарымы, болжол менен 6000 имарат жылуулуксуз калган. Кол салуудан төрт адам каза болуп, дагы 24 адам жаракат алган. Львовго өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү жаңы "Орешник" баллистикалык ракетаcы менен чабуул коюлган.
10-январга караган түнү Орусия Украинанын аймагына ракета жана жүздөн ашуун согуштук дрон учурганын украин Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди. Жалпысынан 121 учкучсуз учак жана «Искандер-М» баллистикалык ракетасы колдонулганы маалымдалды.
Днепропетровск облусунда 27 дрон атып түшүрүлгөнүн, бул аймакта үч киши жараат алып, кээ бир жерлерде өрт чыкканын жергиликтүү администрация башчысы Александр Ганжа билдирди.
Украинанын Энергетика министрлиги бул облуста 130 миңдей абонент электр жарыгысыз калганын кабарлады.
Кривой Рог шаарынын башчысы Александр Вилкул Орусиянын түнкү соккуларынан эки киши жараат алганын, алардын биринин абалы оор экенин, калаанын айрым райондору жарыксыз калганын, кээ бир социалдык инфраструктура объектилери зыянга учураганын жазды.
Эки күн мурда Орусиянын чабуулдарынан Днепропетровск жана Запорожье облустарында бир түн электр энергиясы таптакыр өчүп калган.
Орусиянын айрым аймактары 10-январга караган түнү Украинанын согуштук дрон чабуулуна кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.
Волгоград облусунда учкучсуз учак мунай базасынын аймагына түшкөнүн, ал жерде өрт тутанганын губернатор Андрей Бочаров билдирди. Адамдар арасында жабыркагандар жок экени, эгер жергиликтүү тургундарды эвакуациялоо зарылчылыгы жаралса коңшу кыштактагы мектептин имараты даярдалганы айтылды.
Кырдаалдан улам Волгоград, Геленжик, Краснодар жана Чебоксары шаарларынын аэропортторунун ишине, учактардын учуп-конуусуна убактылуу чектөө киргизилгенин Росавиация мекемесинин расмий өкүлү Артем Кореняко жарыялады.
Борбор калаа Москвада да ишембиге караган түнү дрон коркунучунан улам Домодедово жана Жуковский аэропортторунда рейстердин убактысы өзгөртүлгөн, мэр Сергей Собянин калаага жакын аймакта бир учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдаган.
Жалпысынан, Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 10-январга караган түнү өлкө аймактарында жана оккупацияланган Крымда 59 дрон жок кылынды.
Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы 2022-жылдын февралынан бери күрөшүп келе жатат. Согушту сүйлөшүү жолу менен токтотуу аракетинен майнап чыкпагандыктан Киев Орусиянын аскердик мүмкүнчүлүгүн алсыратуу максатында анын мунай жана аскердик-техникалык ишканаларын бутага алууга мажбур экенин айтып келүүдө.
Бир күн мурда орус армиясы Украинанын борбор калаасы Киевге жана Львов шаарына жапырт дрон соккусун урган. Украин борбор калаасынын мэри Виталий Кличко бул чабуулду "маанилүү инфраструктура үчүн эң оор чабуул" деп атаган. Киевдеги көп кабаттуу үйлөрдүн дээрлик жарымы, болжол менен 6000 имарат жылуулуксуз калган. Кол салуудан төрт адам каза болуп, дагы 24 адам жаракат алган.
Львовго өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү жаңы "Орешник" баллистикалык ракетаcы менен чабуул коюлган. Муну Орусиянын Коргоо министрлиги жарыялап, “Ракета баллистикалык траектория менен саатына болжол менен 13 миң чакырым ылдамдыкта учту” деп билдирген.