Зеленский: Орусиянын армиясы Украинагы 1300 дрон учурду
Украин президенти Владимир Зеленский 15-февралдын таңында орусиялык аскерлер өлкөгө 1300 сокку уруучу дрон, аралыктан башкарылуучу 1200 авиабомба жана 50 ракета менен сокку урганын билдирди.
"Мурдагыдай эле башкы бута - энергетика. Орусиялыктар атайылап эле биздин генерацияны, көмөк чордондорду, түйүндөрдү иштен чыгаруу үчүн сокку урушууда. Көп соккулар калк байырлаган инфраструктурага урулду", - деп жазды ал.
Днепропетровск облусунда эки район артиллериялык жана авиабомба, дрондор менен аткыланды. 13 жаштагы кыз жана 40 жаштагы эркек жабыркаганын жергиликтүү облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Ганжа билдирди.
15-февралдын түнүндө Одессанын инфраструктурасы абадан аткыланды. Шаар мэри Сергей Лысак райондордун биринде болгон жарылуу толкунунан турак үйлөрдүн жана окуу жайлардын терезелери күбүлүп түшкөн. Жабыркагандар жок.
Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров 75 жаштагы бир эркек жана 55 жаштагы аял жарадар болгонун билдирди. Орусиялык "Шахед" дрону тийген үйдө өрт чыккан.
Германияда кезектеги Мүнхен коопсуздук конференциясы (MSC) башталды. 62-жолу чогулуп жаткан жыйын дүйнөлүк чыңалуу күчөп турган учурда өтүүдө. Быйыл конференцияга бир миңден ашык делегат катышууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өз сөзүндө согуш канчалык узакка созулса, агрессордун ресурстары ошончолук көп болорун белгиледи. Дээрлик 40 мүнөт сүйлөгөн украин лидери союздаштарга ыраазычылык билдирип, ошол эле учурда өлкөгө абадан коргонуу системалары үчүн ракеталар жетишпей жатканын айтты.
Ал Орусиянын көпчүлүк чабуулдарынын максаты азыркы тапта Украинанын энергетика тармагы экенин белгилеп, "Украинада орусиялык аткылоодон жабыркабаган бир дагы электр станциясы калган жоктугун" айтты жана башка муктаждыктар деп Евробиримдикке мүчөлүктү, коопсуздук кепилдиктерин атады.
Орусия менен сүйлөшүүлөр тууралуу Зеленский Женевада өтөрү пландалып жаткан кезектеги жолугушуу алдында "АКШ президентинин сигналдарын түшүнөрүн" айтты:
"Биз Орусия менен жолугушуу фактысынан баштап көптөгөн компромисстерге бардык. Менимче, украин элинин көз карашынан алганда, мунун өзү компромисс болду. Биз ортодогу азыркы тилкеден токтоп сүйлөшүүлөрдү улантуу тууралуу сөзгө даярбыз, бул да компромисс. Маселе Орусия эмнеге даяр деген суроодо. Биз орус тараптан компромисс сезбей жатабыз".
13-февралга караган түнү орус аскерлери Украинанын Одесса облусуна сокку урду. Анын натыйжасында бир адам каза болуп, дагы алтоо жаракат алды. Алардын үчөөнүн абалы оор. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипер билдирди.
Анын айтымында, бутага Одесса облусундагы порт, ишканалар жана энергетикалык инфраструктура алынган. Порт аймагында жер семирткич сакталган кампалар жабыркап, төрт жеңил унаа жана жүк ташуучу вагондор өрттөнгөн.
"Одессада автосалондун жана санаторийдин аймагына дрондордун сыныгы кулаган. Эки “Шахед” эки турак үйдөгү батирлерге тийген, андан ары өрт чыккан жок", — деп жазды Кипер өзүнүн Telegram каналында.
Донецк облусунун Краматорск шаарына 12-февралдын кечинде болгон орус армиясынын чабуулунан үч бир туугандын өмүрү кыйылды. Алардын бири өспүрүп болгон. Бул тууралуу Донецк облустук прокуратурасы маалымдады.
"Сокку турак жай секторуна тийди. Чабуулдан улам бир үйдө 19 жаштагы эки жигит жана алардын 8 жаштагы иниси каза болду", — деп айтылат билдирүүдө. Балдардын апасы жана чоң энеси жаракат алышкан.
Николаев облусунда энергетикалык инфраструктура объектиси жабыркап, Баштанка районундагы айрым калктуу конуштар жарым-жартылай электр жарыксыз калды. Бул тууралуу Николаев облустук аскердик администрациясынын башчысы Виталий Ким билдирди.
Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар жарандык инфраструктурага жана тынч калкка жасалган соккуларды Орус армиясынын согуш кылмыштары катары баалашат. Расмий Москва муну четке кагып, соккулар аскердик объектилерге гана багытталганын билдирип келет.
Орус аскерлери 12-февралга караган түнү Украинага баллистикалык ракета жана “Шахед” дрондору менен жапырт сокку урганы, өзгөчө Киев, Днепр жана Одесса облустары жабыркаганы кабарланды.
Жергиликтүү бийликтер жети киши жараат алганын, арасында бир ымыркай менен төрт жаштагы кыз бар экенин кабарлашты.
Киевдин мэри Виталий Кличконун айтымында, бери дегенде бир турак жайга дүрмөт тийген, дагы эки жерде пилотсуз учактардын сыныктары кулап түштү, жарадар болгон эки кишини биринин абалы оор. Ал ошондой эле башкалаанын энергетикасына сокку урулганын, кээ бир жерлерде жылуулук берүү кайрадан үзгүлтүккө учураганын жазды. Бийликтин маалыматында, 2500дөн көп кабаттуу турак жай жылуулксуз калууда.
Днепр шаарындагы энергетикалык жайлар да бутага алынды. Ал жакта төрт кишинин жарадар болгонун жергиликтүү бийлик маалымдады. Бир айга толо элек ымыркайдын абалын дарыгерлер орто оор деп баалашууда.
Одессанын облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипер турак жай, базар, супермаркет жана энерегтикалык инфраструктурага зыян келтирилгенин Телеграм-каналына жазды. 12-февралда эртең менен Одесса шаарынын 300 миңдей тургуну электр энергиясыз отурганы маалым болду.
Орус тарап түнкү соккуларга комментарий берген жок.
Кыштын келиши менен Орусия кошуна өлкөсүнүн энергетикасын тынымсыз аткылап келет. Ушу тапта Украинада адаттан тыш катуу суук болууда.