Орусиянын Хабаровск аймагындагы аскердик гарнизондо жардыруу болуп, бир адам каза тапты, бир нече адам жаракат алды. Бул тууралуу «ВЧК-ОГПУ» жана Khabara Телеграм каналдары жазышты.
Маалыматка караганда, чабуул генерал-майор Азатбек Омурбековду жок кылуу максатында коюлган болушу мүмкүн.
Жардыруу гарнизондогу №55 үйдүн кире беришинде болгон. Бомба тепкичке коюлган. Натыйжада подполковник Кузьменко каза болуп, Омурбеков аман калган. Бирок анын абалы тууралуу маалымат жок.
Khabara жазгандай, жардыруу 28-апрелде эртең менен болгон. Үч-төрт киши жаракат алган.
Расмий бийлик бул окуя боюнча азырынча маалымат бере элек.
Азатбек Омурбеков 2022-жылы Хабаровск крайында жайгашкан №64 өзүнчө мото аткычтар бригадасын жетектеген. Ал Украинанын Буча шаарындагы кыргынга айыпталып келет. Орусиянын Коргоо министрлиги бул айыптоолорду четке каккан.
Бирок Associated Press жана Би-би-си сыяктуу эл аралык медиалар өз иликтөөлөрүндө жарандардын өлүмүнө орус аскерлери тиешеси бардыгын көрсөтүшкөн.
Украинанын прокуратурасы оккупация маалында Бучада 600дөн ашуун карапайым киши өлтүрүлгөнүн, көбү кыйноого кабылганын аныктаган.
2022-жылдын жай айларында ошол эле бригаданын жоокери Даниил Фролкин журналисттерге интервью берип, оккупациядагы Андреевка айылында жаранды өлтүргөнүн мойнуна алган. Ал ошондой эле Омурбеков жоокерлерди сабап, кемсинткенин жана фронттогу кырдаал тууралуу бурмаланган маалымат бергенин айткан.
Кийин Фролкин «жалган маалымат таратты» деген айып менен 5,5 жылга соттолгон. Аны менен бирге кызмат өтөгөн аскерлер Омурбеков жарандарды, айрыкча уюлдук телефону бар адамдарды атууга буйрук бергенин билдиришкен.
Бучадагы окуялардан кийин ага орус президенти Владимир Путин «Орусиянын Баатыры» наамын ыйгарган.
Омурбековго АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдик санкция киргизген.
Омурбеков 1983-жылы Өзбекстандын Каракалпак автоном облусунун башкы каласы Нукус шаарында төрөлгөн.
Украинанын Одесса аймагында 30-апрелге караган түнү орусиялык дрондордун чабуулунан кеминде 20 адам жабыркады, алар 17ден 70 жашка чейинки курактагы жергиликтүү тургундар. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын төрагасы Олег Кипер маалымдады.
Жараат алгандардын арасында 17 жаштагы улан бар экенин шаардын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак Telegram баракчасына билдирген.
Анын айтымында, катуу чабуул шаардагы турак жай имараттарына жана жарандык инфраструктурага багытталды. Көп кабаттуу турак жайлар зыян тартты, айрым жерлерди өрт чалды.
Дрондордун бири бала бакчага тийип, өрт чон аянтка жайылганы, олуттуу зыян келтиргени маалымдалды. Соода борбору, мейманкана, административдик имараттар, кампалар да жабыркаганы, унаа жайларда ондогон автобустар жана жеңил машиналар талкаланганы да айтылды.
Лысак жараат алгандардын экөө оор абалда реанимацияда жатканын жазды.
Украинанын аскердик мекемеси билдиргендей, өткөн түнү Орусия украин жергесин баллистикалык «Искандер-М» ракетасы жана 206 согуштук дрон менен аткылады.
Орусиянын Перм крайынын губернатору Дмитрий Махонин “өнөр жай аянтчаларынын бирине” дрон чабуулу коюлганын билдирди.
Анын айтымында, ишкананы өрт чалды, жумушчулары эвакуацияланды, эч ким жабыркаган жок.
Губернатор кеп кайсы жай тууралуу жүргөнүн тактаган жок.
Украиналык Exilenova+ Телеграм каналынын маалыматына ылайык, өрт "Перм" станциясына таандык “Транснефть” заводунда тутанды. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек.
Перм крайында “Лукойл” компаниясынын мунай иштетүүчү заводу жана мунай ташуучу “Перм” диспетчердик станциясы жайгашкан. Станцияда мунайдын түрлөрү аралаштырылып куурлар менен ташылат. Анын аймагында кара май сакталуучу резервуарлар орун алган.
Оренбург облусунун губернатору Евгений Солнцев украиналык дрондор “бир нече өнөр жай ишканаларына сокку урууга аракеттенгенин” билдирди.
“Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, төрт пилотсуз учак облустун үстүндө атып түшүрүлдү. Курман болгондор жана жабыркагандар жок”, - деп жазды Солнцев.
Украиналык Supernova+ Телеграм каналы Орск шаарында машина куруучу завод чабуулга кабылганын маалымдады.
Орус Коргоо министрлиги 29-апрелге караган түнү украиналык 98 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Украина Орусиянын агрессиясына жооп иретинде ал өлкөнүн согуш машинасын күйүүчү май менен камсыздаган ишканаларды бутага алып келет.
Казакстандын Актөбө облусунда учкучсуз учак кулады. Полициянын жергиликтүү башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, жабдыктын сыныктары Алимбет айылынын сыртында табылды.
Тартип коргоочулар окуяны териштирип жатышат.
Дрондун сыныктары жерге түшүп жатат делген видеону Mash Телеграм каналы жарыялады.
Каргалы районундагы Алимбет айылы Орусиянын Орск шаарына 24 чакырым жакын жерде жайгашкан. Шаршембиде ал жер укрианалык учкучсуз учактардын чабуулуна туш болгону кабарланган.
Шаардын башчысы Артем Воробьёв бул маалыматты бышыктап, элди көчөгө чыкпоого жана терезелерден оолак болууга чакырган. Орск аэропортунун иши убактылуу чектелди.
Казакстанда буга чейин да дрондордун сыныктары табылган учурлар болгон. Былтыр Батыш Казакстан облусуна бери дегенде беш учкучсуз учактын калдыктары кулаган.
Облустун чек арага жакын райондорунда ракетанын калдыктарын бир нече жолу табышкан. Орусиянын коңшулаш Астрахан аймагында Капустин Яр деген аскердик полигон орун алган. 2018-жылы Казакстандын батышында табылган жабдыктардын бири ракетанын сыныгы болуп чыккан.