Орусиянын армиясы 18-майга караган түнү Украинанын аймактарына сокку урганда кеминде 30 киши жараат алды.
Украинанын Аба күчтөрү билдиргендей, орус армиясы 524 дрон жана 22 ракета менен чабуул койду. Анын ичинен төрт ракета менен 503 дрон атып түшүрүлдү.
Днепропетров облусунда 26 киши түрдүү жаракат алды, анын экөө балдар экенин Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.
Днепр шаарында жер тамдарда жана окуу жайдын имаратында өрт чыкты. Көп кабаттуу үйлөр жана башка турак жайларга, диний имаратка, жергиликтүү ишканаларга зыян келтирилди.
Кривой Рогдо да ишканалар жана шаардык инфраструктура зыян тартты.
Чернигов облусунун Корюков районунда эки айылда турак жайлар менен автоунаа өрттөнүп, эки киши жараат алды. Кировоград облусунда да жеке үйдө өрт тутанды.
Одессада дрон чабуулунан эки киши жабыркады, арасында 11 жаштагы бала да бар. Бир кабаттуу турак жайлар талкаланды.
"Агентство" сайтынын жазганына караганда, орусиялык маалымат каражаттары Москва жана Подмосковьеге урулган ири сокку тууралуу учкай сөз кылды.
Басылма Биринчи канал, "Россия-1" жана НТВ өңдүү федералдык каналдар бир нече саат өткөндөн кийин гана темага бир мүнөттөй убакыт бөлгөнүн белгилейт.
Биринчи каналдын алып баруучусу 17-майга караган түнү болгон дрон соккусун негизги темалардын катарына камтыбаган. Башкалары да жаңылыктарды ал темадан баштаган эмес.
Биринчи канал андан тышкары Орусия ал чабуулга жооп кайтарганын түшкү жаңылыктарында билдирди.
Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин маалыматында, бир суткада баш калааны 120дан ашуун учкучсуз учак бутага алган. Москва жана Подмосковьеде үч киши каза тапты, ондон ашууну жараат алды. Бир нече турак жай, мунай ишканалары жана инфраструктура жабыркады.
Украин президенти Владимир Зеленский чабуулду Орусиянын соккуларына болгон адилет жооп деп сыпаттады. Ал Украинанын алыскы аралыкка ийгиликтүү соккулары "кырдаалды жана орусиялык согуш тууралуу жалпы дүйнөлүк түшүнүктү олуттуу өзгөртөрүн" айтты.
Орусиянын Коргоо министрлиги 17-майда түн ичинде бардыгы болуп 556 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ошол эле түнү орусиялык 300 дрон Украинага чабуул койгон.
6-майда Москванын борборунда, Кремлге алты чакырымдай жакын жерде орун алган турак жайга дрон тийген.
Одессада дрон соккусунан эки киши жабыркады
Одесса шаардык аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдиргендей, түндө Орусиянын дрон чабуулунан жараат алгандар 11 жаштагы бала жана 58 жаштагы жаран.
Лысак шаарда турак жайларга, лицей жана бала бакчанын имаратына зыян келтирилгенин Телеграмга жазды.
Днепрде Орусиянын аткылоосунан 18 киши жараат алды
Телеграмда Украинанын Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысыс Александр Ганжа билдиргендей, Днепр шаарында Орусиянын акыркы чабуулунан жараат алгандар 18ге жетти, арасында эки жашташы жана он жаштагы бардар бар.
Жараат алгандардын сегизи ооруканага жаткырылды. Ганжа Днепрдеги соккунун кесепеттери тууралуу сүрөт, видеолорду жарыялады.
Орусия Днепрге чабуул тууралуу комментарий бере элек.