Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52
16-сентябрда Өкүлдөр палатасынын өкүлдөрү Орусия менен Иранга каршы санкциялар камтылган мыйзам долбоорун жактыргандан кийин Капитолийдин сыртында журналисттерге маалымат беришти. Вашингтон, АКШ
16-сентябрда Өкүлдөр палатасынын өкүлдөрү Орусия менен Иранга каршы санкциялар камтылган мыйзам долбоорун жактыргандан кийин Капитолийдин сыртында журналисттерге маалымат беришти. Вашингтон, АКШ

АКШнын Өкүлдөр палатасы Орусияга каршы масштабдуу санкцияларды жактырды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:55 29.6.2026

Украинага орусиялык армия жаңы соккуларын урду, курмандыктар бар

Запорожье облусунда өткөн суткада орусиялык армиянын соккусунан төрт адам каза таап, 28и жарадар болгонун облустун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди.

Сумы облусунда эки адам каза таап, тогузу аткылоодон жана дрон соккусунан жапа чеккенин Украинанын улукттук полициясы билдирди.

Херсондо облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудиндин билдиришинче, орусиялык соккудан аймактын 45 калктуу конушуна зыян келтирилип, беш адам жабыркады.

Харьков облусунда эки адам каза таап, 26сы жарадар болду. Холодногорск районунда дрон курал сакталган кампага тийип, катуу өрт чыккан, жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок.

Украинанын аскер аба күчтөрүнүн билдиришинче, өткөн түнү абадан коргонуу күчтөрү 108 дрондун ичинен 82син зыянсыздандырууга жетишти. 11 локацияга 25 чабуул коюлду.



11:03 28.6.2026

Орусия 28-июнга караган түнү Украинанын борбор калаасы Киевди баллистикалык ракеталар менен аткылады. Украин Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү Telegram каналында шаарга "баллистика" учуп баратканын эки жолу - жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:00 жана 02:30 чамасында эскерткен.

Бир нече жарылуу болду. Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко эки адам жабыркаганын билдирди. Ошол эле райондо бир нече жерде өрт чыкты.

Харьков, Днепр, Сумы, Запорожье, Донецк жана Днепропетровск облустарына, өлкөнүн башка шаарларына жана аймактарына учкучсуз учак, ракета жана башкарылуучу авиабомба менен жапырт чабуул коюлганы да маалымдалууда.

Украина коңшусу Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшүп келатканына төрт жылдан ашты. Соңку жылдары украин армиясы да Орусиянын аймактарына чабуулдарын күчөтүүдө.

14:56 27.6.2026

Украинанын президенти Владимир Зеленский украин аскерлери Орусиянын Волгоград шаарындагы "Титан-Баррикады" заводуна FP-5 Flamingo ракеталары менен сокку урганын 27-июнда билдирди.

Ал чабуул артиллериялык системаларды жана атайын аскердик жабдууларды, тактап айтканда, "ракета учуруучу түзүлүштөрдүн компоненттерин" чыгарган "ири өнөр жай комплексине" багытталганын билдирди.

"Заводдун аймагына сокку урулуп, андан кийин өрт чыкты", - деп жазды Зеленский.

27-июнга караган түнү украин аскерлери Волгограддагы ишканалардын бирине сокку уруп, өндүрүштүк объектилер жабыркаганы буга чейин кабарланып жаткан.

Аймак башчысы Андрей Бочаровдун айтымында, 10 адам жабыркады.

Бочаров абадан «жогорку ылдамдыктагы чабуул» коюлганын, Волгоградда «Краснооктябрь районундагы ишканалардын биринин өндүрүштүк объектилери жабыркаганын» айтты. Бул райондо артиллериялык жана ракеталык техникага адистешкен "Титан-Баррикада" илимий-өндүрүштүк борбору жайгашкан.

ASTRA басылмасынын OSINT-аналитиги өрт дал ушул заводдон башталганын аныктады.

Орусиянын аймагында ишембиге караган түнү 175 украин дрону жок кылынганын өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, учкучсуз учактар Белгород, Брянск, Калуга, Курск, Орлов, Ростов, Смоленск жана Тула облустарынын, Краснодар крайынын, Москва облусунун, аннексияланган Крымдын жана Кара деңиздин үстүнөн атып түшүрүлдү.

Бирок Волгоград облусу тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматында эч нерсе айтылган жок.

Украинанын согушка мониторинг жүргүзүүчү Телеграм каналдары Волгоградда заводго алыс аралыкка учуучу украин FP-5 Flamingo ракеталары сокку урганын кабарлашты.

"Титан-Барикада" АКШнын, Евробиримдиктин, Улуу Британиянын жана дагы бир катар өлкөлөрдүн санкцияларынын алдында турат.

Украиналык Fire Point коргонуу компаниясынын башкы конструктору Денис Штилерман X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүндөгү баракчасына: «Волгоград Украинадан фламинголордун сезондук миграциясын тосуп алууда», - деп жазды.

Fire Point украиналык FP-5 Flamingo ракеталарын жана алыскы буталарга чейин жетүүчү дрондорду жасайт.

Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат.

14:53 27.6.2026

27-июнга караган түнү Орусия Украинага 129 учкучсуз учак менен чабуул койду. Саат 08:30га карата анын 113ү атып түшүрүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү билдирди. Жети жерге 13 дрон тийгени жана урандылар түшкөнү катталды. Башкарылуучу авиабомбалар да учурулганы маалымдалды.

Днепропетров облусунда дрон жана авиабомба чабуулунан 56 жаштагы аялдын өмүрү кыйылганы, Сумыда 66 жаштагы эркек киши каза болгону маалымдалды.

Запорожьеде алты адам, анын ичинде 13 жаштагы кыз жараат алганын жергиликтүү бийлик билдирди. Облустук аскердик администрациянын маалыматы боюнча, башкарылуучу үч авиабомбадан көп кабаттуу имараттар жабыркады.

«Запорожье шаарынын Шевченко, Александровский, Космический жана Хортица райондорунда жалпысынан көп кабаттуу 23 үй, 17 жеке үй жана турак эмес имараттар жабыркады. Жарылуудан терезелер, балкондор жана чатырлар сынды», - деп жазды администрация башчысы Иван Федоров.

Сумы облусунун түштүгүндө дрондор түн ичинде Ахтырка шаарына жана анын айланасына чабуул коюп, 53 жаштагы аял оор жаракат алып, дагы тогуз адам жабыркаганын облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Григоров билдирди.

Ал эми Орусиянын аймагында ишембиге караган түнү 175 украин дрону жок кылынганын Москва билдирди. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин эртең мененки маалыматына караганда, учкучсуз учактар Белгород, Брянск, Калуга, Курск, Орлов, Ростов, Смоленск жана Тула облустарынын, Краснодар крайынын, Москва облусунун, аннексияланган Крымдын жана Кара деңиздин үстүнөн атып түшүрүлдү.

Министрликтин маалыматында Волгоград облусу тууралуу эч нерсе айтылган жок. Бирок аймактын башчысы Андрей Бочаров дрон эмес, ракета чабуулу болгонун билдирген. Ал абадан «жогорку ылдамдыктагы чабуул» коюлганын, Волгоградда «Краснооктябрь районундагы ишканалардын биринин өндүрүштүк объектилери жабыркаганын» айтты.

Украиналык Fire Point коргонуу компаниясынын башкы конструктору Денис Штилерман X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүндөгү баракчасына: «Волгоград Украинадан фламинголордун сезондук миграциясын тосуп алууда», - деп жазды.

Fire Point украиналык «Фламинго» ракеталарын жана алыскы буталарга чейин жетүүчү дрондорду жасайт. Украина Волгоградга коюлган чабуул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG