Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:27
Patriot системалары. Архив сүрөт.
Patriot системалары. Архив сүрөт.

Patriot боюнча акыркы чечим. Зеленский Трамптан ракета жасоо лицензиясына макулдук алганын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:17 31.7.2026

Орусияда 31-июлда Wildberries'тин кезектеги кампасы Украинанын дрон соккусуна кабылганын компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, Волгограддагы логистикалык түйүнгө жасалган чабуулдан кийин өрт тутанды:

«Чабуулдун кесепетинен компаниянын Волгограддагы логистикалык объектисинде өрт чыкты. Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат».

Баштапкы маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.

«Логистикалык жеткирүү жолу кайра уюштурулду. Товарларды кабыл алуу жана буйрутмаларды жөнөтүү башка объектилер аркылуу жүргүзүлүүдө», - деп айтылды билдирүүдө.

18-июлдан бери Орусияда Wildberries компаниясынын логистикалык терминалдарына ушуну менен 11-жолу чабуул жасалды. Украина сокку уруп жатканын ырастап, бул маркетплейс аркылуу аскердик багыттагы товарларды да сатып алууга болорун жүйө келтирген.

Волгограддын Дзержинский районунда Wildberries компаниясынын ири логистикалык борбору 2025-жылдын жаз айларында ачылган.

30-июлда компаниянын Пензадагы жана Удмуртиянын Сарапул шаарындагы кампаларында да ири өрт катталган.

12:10 31.7.2026

Орусиянын 30-июлда Украинага каршы соккусунда, баштапкы маалыматка караганда, Түндүк Кореянын ракетасын колдонгонун өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди. Днепропетров облусунун Радушное кыштагына жасалган чабуулдан бир үй-бүлөдөн алты кишинин өмүрү кыйылган.

"Албетте, дагы экспертизалар болот, баары текшерилет, бирок азыркы маалымат боюнча бул түндүккореялык баллистика болду", - деди ал.

Зеленский союздаштарды Орусиянын бул соккусун айыптап гана эмес, Украинага аба чабуулдарынан коргонуу системалары жагынан колдоо көрсөтүүгө чакырды.

30-июлга караган түнү Орусия Украинанын бир катар шаарларына, анын ичинде борбор калаа Киевге ракета менен чабуул жасаган. Кривой Рог шаарынын четиндеги Радушное айылында көп балалуу үй-бүлө жашаган жеке үйгө баллистикалык ракета түшкөн. Каза тапкандар арасында алты жашар кыз жана 11, 17 жаштагы балдар бар.

2024-жылы Москва менен Пхеньян «ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк» жөнүндө келишим түзүшкөн.

18:47 30.7.2026

Украинанын Днепропетров облусундагы Радушное кыштагында (Кривой Рогдун четинде) Орусиянын "Искандер-М" баллестикалык ракетасы он балалуу үй-бүлө жашаган үйгө тийди.

Украинанын мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматы чабуул түгөйлөрдүн, алардын 6, 11, 17 жаштагы үч баласынын өмүрүн жалмаганын билдирди. Үйдөгү калган балдар ар кандай жараат алышты.

Ракета жалпысынан эки жер тамды талкалап, дагы бешөөнө зыян келтирди.

Орусия 30-июлга оогон түнү Украинанын Киев, Львов, Кривой Рог шаарларына жана башка аймактарына жапырт сокку урганда, бери дегенде сегиз киши өлүп, ондогону жараат алган.

Орус Коргоо министрлиги 30-июлда жапырт чабуул болгонун ырастап, жердеги, абадагы жана деңиздеги алыстан таамай сокку уруучу куралдар, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттар менен Украинанын Киев, Львов, Ивано-Франковск, Житомир, Ровно, Винница жана Днепропетров облустарындагы аскердик аэродромдорго, аскердик өнөр жай ишканаларына, байланыш жана логистика борборлоруна сокку урулганын маалымдады. Львовдо "Фламинго" жана "Нептун" ракеталарын чыгарган жайларды, Кривой Рогдо дрон чогулткан заводду бутага алганын билдирди.

Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп келет, андан бери бейкүнөө өлгөн кишилер, жараат алгандар миңдеп саналат. Миңдеген киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Миңдеген киши жакындарын жоготуп, миңдеген бала жетим калды. Украинанын шаар-кыштактары, инфраструктурасы талкаланды. Киев өзүнө кол салууга жооп иретинде, Орусиянын мунай заводдорун жана башка армияны каржылаган объектилерине сокку уруп келатат. Украин тарап мунай жайларына чабуулдарын быйыл жаздан тарта күчөтүп, Орусиянын өзүндө эле эмес, андан кара май алган өлкөлөрдө да кризис пайда болду.

Америкалык Center for Strategic and International Studies (CSIS) борборунун жаңы маалыматына ылайык, Орусия Украинага кол салгандан бери эки тараптан тең каза болгон жана жараат алган аскерлердин жалпы саны 2 миллиондон ашты.

Изилдөөчүлөрдүн тыянагында, 2026-жылдын биринчи жарымында орус аскерлеринин жоготуулары беш эсеге өскөн.

18:34 30.7.2026

Украина 30-июлда Орусияда Wildberries маркетплейсинин үч кампасына сокку урду. Алар - Пенза, Удмуртия, Пермдеги комплекстер.

Бул тууралуу Телеграмдагы украиналык Supernova+ жана Exilenova+ мониторинг каналдары жазып чыкты. "Агентство", ASTRA басылмалары да маалымат жарыялашты.

Визуалдык анализдерге таянсак, өрт Пермь шаарынын чет жакасында жайгашкан Фролы кыштагында Wildberries маркетплейсинин кампасынан чыккан.

Компания жана жергиликтүү бийликтер Фролыдагы кампага чабуул тууралуу маалымат бере элек.

Буга чейин Украинанын учкучсуз учактар 30-июлда Пенза облусундагы жана Удмуртиядагы Wildberries'тин кампасына жана Краснодар крайындагы портко сокку урганы белгилүү болгон.

Украина аталган маркетплейстин логистикалык борборлоруна быйыл 18-июлдан бери соккуларын күчөттү.

Украин президенти Владимир Зеленский бул объектилер санкциядагы дрон, навигациялык каражаттарды жана башка аскердик жабдыктардын тетиктерин ташууда колдонулуп жатканын жарыялаган.

Чабуулдар күчөгөндөн кийин Wildberries "Бардыгы СВО үчүн" деп аталган бөлүмдү алып салды, бирок аскердик багыттагы товарлар маркетплейстин башка категорияларында мурдагыдай эле сатылып жатат.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG