Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:38
Украина. Дрон чабуулунан жабыркаган поезддин вагонун өрт өчүрүүчүлөр суу чачып өчүрүп жатат.
Украина. Дрон чабуулунан жабыркаган поезддин вагонун өрт өчүрүүчүлөр суу чачып өчүрүп жатат.

Украина: Никополдо беш киши каза болду, Киев чабуулга кабылды

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:54 24.8.2026

Орусия элинин 60% ашууну Украина менен согуш бүтүшүн каалайт деген пикирин украин президенти Владимир Зеленский журналисттерге билдирди.

Ал муну эң ириде Украинанын Орусиянын тылына, анын ичинде Wildberries компаниясынын кампаларына урган соккуларына байланыштырып, Киев мындай операциялардын орус коомчулугуна таасирин байкап келе жатканын кошумчалады.

"Орусияда согуш аякташын каалагандар көп. Алар согуш "жөн эле бүтсө" деп айтышат", - деди Зеленский.

Украин президенти буга Мамлекеттик Думага шайлоодон "Яблоко" партиясынын четтетилиши далил боло аларын белгиледи. Зеленскийдин пикирине караганда, Кремль согушту токтотууну шайлоо программасына киргизген жалгыз "Яблоко" 4% ашпаган добуш алат деп ойлогон, бирок сурамжылоолор партия 11-12% ашып, ал эми "Единая Россиянын" рейтинги төмөндөп жатканын көрсөткөн.

Ал маалыматтын булагы тууралуу айткан жок. "Агентство " жана "Вёрстка" басылмалары жабык жүргүзүлгөн сурамжылоого шилтеме кылып, "Яблоконун" рейтинги өскөнүн, партия 5% босогону ашып өтүүсү ыктымалдыгын жазышкан.

Көз карандысыз "Левада-Центр" жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 62% согуштук аракеттер тынч сүйлөшүүлөрдө уланышын кубатташкан. Ошол эле учурда алар орус аскерлерин колдоп, согуш үчүн Украинаны айыпташат. Тынч сүйлөшүүлөрдү колдогондор көбөйгөнүн Russian Field жүргүзгөн сурамжылоо да көрсөткөн. Согуш шартында жана цензура күч алган Орусияда көз карандысыз сурамжылоо жүргүзүү кыйын.

"Яблоко" партиясы Мамдумага шайлоого катталып, бирок "Родина" партиясынын доо арызынан кийин Жогорку соттун чечими менен шайлоого катышуудан четтетилген. Добуш берүү тизмесинде калган 10 партия кандайдыр бир деңгээлде согушту кубаттаган партиялар.

Орусия Украинага каршы согушту 2022-жылы, 24-февралда баштаган. Ошондон бери эки тараптан тең согушта аскерлерден тышкары миңдеген жай тургундар да набыт болушту.

16:01 23.8.2026

Жекшембиге караган түндө Санкт-Петербургдун түштүгүндөгү Колпин шоссесинде жайгашкан кампага дрон сыныгы тийип, өрт чыкты. 82 миң чарчы метрге жеткен өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатканын Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Өрт чыккан кампа Ozon компаниясынын кампасынан болжол менен 350 метр алыстыкта жайгашкан.

Ошол эле учурда Оренбург шаарындагы Ozon компаниясынын логистикалык комплексинин аймагына дрондун сыныктары түшкөнүн шаар мэри Альберт Юмадилов кабарлады. Маалыматка ылайык, анын кесепетинен чыккан өрт тез арада өчүрүлгөн. Кампадан 300 кызматкер эвакуацияланган.

Ozon компаниясынын Оренбургдагы кампасы 2024-жылы августта ачылган. Анын аянты 40 миң чарчы метрди түзөт. Кампанын аянтын эки эсе кеңейтүү пландалып жатканы айтылды.

Бул окуялардын алдында, 22-августта, Украина күчтөрү Орусиянын Самара облусундагы Ozon компаниясынын ири хабына сокку урганы кабарланган.

Украина тарап буга чейин Wildberries кампаларына жасалган чабуулдардан кийин Ozon объектилери бутага алынарын билдирген.

11:56 23.8.2026

Украин аскерлеринин дрон чабуулунан Орусиянын Краснодар крайындагы Ейск портунда бир үй-бүлөнүн эки баласы мерт кетти. Дрон сыныгы жер үйгө түшүп, дагы эки адам ооруканага жеткирилген. Краснодар ыкчам тобу кийинчерээк алардын бири ооруканадан көз жумганын кабарлады.

"Дрон түшкөн жер үйдө ыкчам кызматтар иштеп жатат. Учкучсуз учактардын сыныктары порт аймагындагы ишканага да түшкөн, азыр ал жакта өрттү өчүрүп жатышат. Бардык жабыркагандарга зарыл жардамдар берилет", – деп жазды Кондратьев.

Мурдараак Ейск портуна урулган сокку тууралуу РБК-Украина жазган. Украиналык Supernova+ жана Exilenova+ телеграм каналдары Ейск портунан чыгып жаткан түтүндүн сүрөтүн жарыялашты, такталбаган маалыматтарга караганда, портто кемеге чабуул болгон.

Украинанын Башкы штабы Ейск портуна сокку урулганын кийинчерээк ырастады. Маалыматта бутага порттогу мунай куюучу комплекстин күйүүчү май резервуарлары алынганы айтылган.

Украин куралдуу күчтөрү маалымдашынча, мунай куюучу комплекс Орусия армиясынын муктаждыктары үчүн пайдаланылат.

22-августка караган түндө Орусиянын аймактарында, анын ичинде Волгоград, Ростов облустарынын, Краснодар крайынын, Азов жана Кара деңиздин үстүнөн 457 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн орус Коргоо министрлиги кабарлады. Ростовдо токой өрттөнгөн.

Жума жана ишембиге караган түндө Орусиянын Украинага ракета жана дрондор менен соккусунда жыйырмага чукул адам мерт кетти. Кривой Рогдо 21-августта кечинде эки соккудан кеминде 16 адам каза болуп, 130 адам жараат алды. Урандыларды тазалоо иштери уланууда. Дагы тогуз адам, анын ичинде эки бала дайынсыз экени айтылууда.

12:50 22.8.2026

Украинанын бир катар аймактарына жуманын кечинде жана ишембиге караган түнү Орусия ракеталар жана дрондор менен сокку урду. Акыркы маалыматтар боюнча, эң көп адам Кривой Рогдогу соода борборуна жасалган соккудан каза болду.

Днепропетровск облусунун администрация башчысы Александр Ганжанын маалыматына караганда, Кривой Рогдо 21-августта кечинде эки соккудан кеминде 16 адам каза болуп, 130 адам жараат алды. Урандыларды тазалоо иштери уланууда. Дагы тогуз адам дайынсыз болууда, алардын экөө балдар. Ооруканага жеткирилген 63 адамдын 29нун абалы оор деп бааланууда. Жабыркагандардын арасында 16 жаштагы кыз бар экени маалымдалды.

Запорожье облусунда да адам каза болду. Облустук администрациянын башчысы Иван Федоровдун айтымында, түн ичинде облустун борборуна жакын жайгашкан Кушугум кыштагына дрон менен сокку урулду. Анын кесепетинен бир эркек киши каза болду, дагы төрт киши жараат алды.

Киевде да сокку урулуп, Дарницкий районундагы кампа өрттөндү. Баштапкы маалымат боюнча, бир адам каза болуп, бир нечеси жараат алды. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү Киевге бир нече баллистикалык ракета жана реактивдүү «Бандероль» тибиндеги дрондор менен сокку урулганын билдирди.

Ал эми Одесса облусун түн ичинде ракета жана дрон чабуулуна кабылды. Украинанын Аба күчтөрү Кара деңиз тараптан жана чыгыштан Одесса, Измаил, Черноморск, Южный жана башка калктуу конуштарга карай көптөгөн сокку уруучу каражаттар багытталганын эскерткен.

«Суспільне» басылмасы Одесса жана Измаил шаарларында жарылуу болгонун кабарлады. Жергиликтүү Telegram каналдар аймактагы объекттердин биринде өрт чыкканын жана айрым жерлерде электр энергиясы өчүрүлгөнүн билдирүүдө.

Соңку апталарда Украина Орусиянын аба соккуларынан жакшы коргоно албай, жайкын тургундар арасында курмандыктар саны өсүүдө. Украин президенти Владимир Зеленский АКШда өндүрүлгөн Patriot абадан коргонуу системалары үчүн ракеталары түгөнүп калганын жана аскерлер Орусиянын баллистикалык ракеталарын атып түшүрө албай жатканын билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG