АКШ: Иран Орусияга аскердик дрондорду жөнөткөнү жатат
АКШнын өкмөтү Иран Украинадагы согушта пайдалануу үчүн Орусияга аскердик учкучсуз учуучу аппараттарды жөнөткөнү жатканын эскертти. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан журналисттерге кабарлады.
“Биздин маалыматтарга караганда, Иран өкмөтү тездетилген мөөнөттө Орусияга жүздөгөн учкучсуз аппараттарды, анын ичинде курал алып жүрүүчү аппараттарды жөнөткөнгө камданууда. Ошондой эле Иран орус күчтөрүнө бул аппараттарды туура колдонууну үйрөткөнгө даярданып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Биринчи машыгуулар июлдун башында башталышы керек”,-деди ал.
Украина “Дрондордун армиясын” түздү
Украина “Дрондордун армиясын” түзүп, учкучсуз учуучу аппараттарды башкаруучу 150 операторду окутуп баштады. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьер-министри, санариптик трансформациялоо министри Михаил Федоров кабарлады.
Анын айтымында, жоокерлер аппараттарды учурууну, душманга билинбей учуу көндүмдөрүн, тактикаларды иштеп чыгууну, дрондорду ыкчам башкарууну жана фронттогу башка милдеттерди аткарууну үйрөнүшөт.
Путин Тегеранда Ирандын жана Түркиянын президенттери менен жолугат
Орусиянын лидери Владимир Путин Тегеранга барып, Ирандын президенти Ибрагим Раиси жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу маалыматты Кремль ырастады.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тактагандай, орус президентинин Иранга иш сапары 19-июлга белгиленип жатат.
Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан бери Владимир Путин биринчи жолу 28-июнда чет өлкөгө чыгып, Тажикстанга барган. 29-июнда Путин Түркмөнстанда болду. Иранга барса бул анын согуш башталгандан берки үчүнчү чет элдик сапары болуп калат.
Орус оппозиционери Илья Яшинге кылмыш иши козголду
Оппозиционерге орус армиясы тууралуу жалган маалыматтарды таратуу беренеси менен кылмыш иши козголуп, Москвадагы үйүндө тинтүү жүргөнүн адвокаты Вадим Прохоров маалымдады.
Анын сөзүнө караганда, кылмыш ишин Тергөө комитетинин башкы башкармалыгы козгоду.
"ОВД-Инфо" сайты дагы бир адвокат Михаил Бирюковдун айтканына таянып, Яшинге кылмыш иши козголушуна анын 7-апрелде Украинанын Буча шаарындагы массалык кыргын тууралуу айтканы себеп болгонун жазды.