Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28
Краматорск, Украина. 14-июль, 2022-жыл
Краматорск, Украина. 14-июль, 2022-жыл

Путин Донбассты күзгө чейин басып алууну көздөйбү?

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




21:40 15.7.2022

Орусиянын президенти Владимир Путин Роскосмос мамлекеттик корпорациясынын жетекчиси Дмитрий Рогозинди кызматтан алды. Анын ордуна мурдагы вице-премьер Юрий Борисов дайындалды. Тиешелүү жарлыктар Кремлдин сайтында жарыяланды.

21:40 15.7.2022

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын Винница шаарына "Калибр" ракеталарынан урулган соккуларды ырастап, ал тийген “Офицерлер үйү” деп аталган имаратта “украин командачылыгы менен чет элдик курал жеткирүүчүлөрдүн жыйыны өтүп жатканын” билдирди. Мекеменин маалыматында чабуулдун натыйжасында иш-чаранынкатышуучулары жок кылынган.

14:22 16.7.2022

Украинанын Харьков облусуна караштуу Чугуев шаарында ишембиде, 16-июлда эртең менен орус аскерлеринин аткылоосунун бир үй жарым-жартылай кыйрады. Анда үч адам мерт болуп, дагы үчөө жараат алды.

Ошондой эле Днепропетровск облусундагы Никополь кварталы дагы аткыланганы, учурда куткаруу-издөө иштери уланып жатканы кабарланды.

14:23 16.7.2022

АКШнын мамдепартаменти Эстонияга HIMARS куралын сатууну колдоду

Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти Эстонияга америкалык HIMARS жогорку мобилдүү артиллериялык системасын сатууну колдоду.

Сатып-алуунун баштапкы баасы 500 миллион доллар деп бааланып жатат. Бул тууралуу АКШнын Коргонуу жана коопсуздук жаатында кызматташуу агенттиги билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG