Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:04

Австрия да “Түндүк агым-2” долбоорун токтотту


“Түндүк агым” жана “Түндүк агым-2” куурларынын картасы.
“Түндүк агым” жана “Түндүк агым-2” куурларынын картасы.

Австриянын бийлиги дагы Орусиядан өзүнө көгүлтүр от алып өтүү үчүн курулган “Түндүк агым-2” газ куурунун долбоорун убактылуу токтотконун жарыялады. Бул тууралуу 24-февралда Австриянын канцлери Карл Нехаммер билдирип, муну Москванын украин жергесине бастырып кириши менен байланыштырды.

Нехаммер бул Орусияга киргизилчү санкциялардын бир бөлүгү экенин, мындан башка да чаралар каралып жатканын кошумчалады.

22-февралда Германиянын бийлиги “Түндүк агым-2” газ куурунун долбоорун сертификациялоо чараларын убактылуу токтотконун жарыялаган. Берлин мындай чечимди Москва Украинанын чыгышындагы жикчил “республикаларды” тааныганына байланыштуу кабыл алган.

Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү “Түндүк агым” куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары “Түндүк агым-2” долбоорун курду. Анын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн, 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Учурда анын сапатын текшерүү үчүн сертификациялоо иштери жүрүп жаткан.

Долбоор Европанын экономикалык коопсуздугуна коркунуч келтирет жана Киевге басым кылууга жол ачат деген сынга кабылган. Москва мындай сынды четке какса, Берлин долбоорго кызыкдарлыгын билдирип келген.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасашты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө ачылган согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракеталык октор атылганын ырастады. Ондогон адамдар каза болгону кабарланууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG