Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Москва британ учактарына Орусиянын үстүнөн учууга тыюу салды


Британиянын British Airways компаниясынын учактары. Иллюстрация сүрөт.
Британиянын British Airways компаниясынын учактары. Иллюстрация сүрөт.

Орусия британиялык учактарга өзүнүн аба мейкиндигинде учуусуна тыюу салды. Бул тууралуу “Росавиация” аба транспортунун федералдык агенттиги кабарлады.

Чектөө 25-февралдан баштап күчүнө кирди. Британ учактары Орусиянын аймагынан учуп өтө албайт.

Мунун алдында Британиянын бийлиги Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу Москвадан күн сайын Лондонго каттаган "Аэрофлот" компаниясына тыюу салган. Мындан сырткары ушул эле каттам аркылуу British Airways компаниясы учактарын учурчу.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди. 25-февралдан таңдан баштап орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоолорун жана бомбалоону улантууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский муну ачык эле согуш деп атап жатат. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады. АКШ орусиялык бир катар банктарга чектөө киргизип, айрым аткаминерлеринин балдарынын активдерин камакка алган. Австралия, Жапония жана Канада Орусияга каршы санкцияларды колдоду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG