Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Гуттериш: 100 миңден ашык украин өлкөдөн чыгып кетти


Украина качкындарын Грузияда тосуп алышууда.
Украина качкындарын Грузияда тосуп алышууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Украинада Орусиянын аскердик операциясы башталгандан бери качкындардын саны 100 миңден ашканын, өлкөнүн гуманитардык муктаждыгы саат сайын өсүп жатканын Твиттерге жазды.

25-февралда БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди акыркы эки сутканын ичинде Украинадан 50 миңден ашуун киши чыгып кеткенин кабарлаган.

Анын айтымында, качкындардын көбү Польша менен Молдавага барууну максат кылып, чек арага барууну көздөшүүдө.

Польша украиналык качкындарды кабыл аларын жарыялап, өлкөнүн Ички иштер министри Павел Шефернакер качкындарды кабыл алуу үчүн чек арага жакын жерге сегиз лагер курулуп баштаганын билдирген.

Молдаванын президенти Майя Санду да украиналык качкындарды кабыл алып, жайгаштырууга даяр турушканын айтып, "Биздин колдообузга муктаждарга жардам беребиз. Он миңдеген адамды жайгаштырууга даярбыз", - деген.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Киевде турак үйлөр ракета чабуулуна кабылды. 26-февралдын таңына карата Орусиянын 3,5 миңден ашык аскери каза болуп, 200гө чукулу туткунга алынганын украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк ТСН телеканалынын эфиринде айтты. Бул боюнча Москва маалымат бере элек. Украин бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлаган. Качкындардын так санын украин бийлиги айта элек. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG