Кыргызгидромет борбору 1-3-март күндөрү аба ырайы өзгөрүп, тоолуу райондордо, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертти.
2-мартта көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз 9...14,
Таласта түнкүсүндө -2...+3, күндүз 7...12,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19...-24, күндүз -1...-6°.
Бишкек шаарында жамгыр жаайт. Түнкүсүн 0…2, күндүз 11…13 градус болот.
Facebook шеринеси