Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Бишкекте IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды


IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын 1-турунда Малайзия жана Кувейттин командалары беттешүүдө. 3-март, 2022-ж. Бишкек.
IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын 1-турунда Малайзия жана Кувейттин командалары беттешүүдө. 3-март, 2022-ж. Бишкек.

IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты бүгүн, 3-мартта Бишкектеги шаардык муз аянтында башталды. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, мелдеш 8-мартка чейин уланат. Саат 16:00дө Кувейт жана Малайзия командаларынын беттеши менен чемпионаттын алгачкы оюну башталды. Мелдешке аталган командалардан сырткары Кыргызстан, Иран жана Сингапурдун командалары катышат.

Кувейт, Малайзия жана Ирандын командалары Бишкекке кечээ 2-мартта келишкен. Сингапур оюнчулары бүгүн келерин департаменттен маалымдашты. Командалар айлампа тартибинде бири-бири менен бирден оюн ойношот. Мелдеш жыйынтыгында көч башын жетектеген команда III дивизиондо ойноого жолдомо алат.

Чемпионаттын ачылыш аземи кечки саат 19:30да башталат. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф, Олимпиаданын үч жолку, Дүйнөнүн 10 жолку чемпиону, Орусиянын хоккей федерациясынын президенти Владислав Третьяк, Германиянын хоккей федерациясынын президенти Франц Рейндл жана Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти Айваз Оморканов баш болгон бир катар ардактуу коноктор катышат.

Оюндардын жадыбалы:

1-тур — 3-март.

16:00 Малайзия — Кувейт

20:00 Кыргызстан — Иран

2-тур — 4-март.

19:00 Сингапур — Иран

3-тур — 5-март.

17:30 Кувейт — Сингапур

20:00 Кыргызстан — Малайзия

4-тур — 6-март.

19:00 Иран — Кувейт

5-тур — 7-март.

17:00 Малайзия — Иран

20:00 Кыргызстан — Сингапур

6-тур — 8-март.

17:00 Сингапур — Малайзия

20:00 Кыргызстан — Кувейт

IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Эл аралык хоккей федерациясы (IIHF) тарабынан 2020-жылы негизделген. Уюшулгандан баштап эки жыл бою коронавирус пандемиясына байланыштуу өтпөй калган. (GT/ECh/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG