Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Украин бийлиги Орусия 9 миңден ашык аскерин жоготконун билдирди


Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн талкаланган аскердик техникалары. Украинанын аймагы.
Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн талкаланган аскердик техникалары. Украинанын аймагы.

Украинанын Коргоо министрлиги 4-мартка карата орус армиясынын жоготуулары 9 166 жоокерди түзөрүн маалымдады. Мунун ичинде өлгөндөр, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо саналып жатат.

Мекеме жаңы маалыматында, Орусиянын 33 учагы, 37 тик учагы, 251 танкы, 939 чопкутталган транспорту, 404 автоунаасы, 105 артиллериялык системасы, 74 замбиреги (пушка), 1 “Бук” зениттик-ракеталык комплекси, 50 ракета атуучу системасы, 60 цистернасы, үч учуучу аппараты, эки кемеси, беш абадан коргонуу системасы жок кылынганын кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлиги болсо алардын куралдуу күчтөрү тогуз күндүк чабуулдарынын жүрүшүндө Украинанын 1812 аскердик объектисин иштен чыгарганын билдирди. Министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенков 4-мартта кабарлагандай, мындан сырткары Украинанын 635 танкы жана башка чопкутталган аскердик техникасы, 62 учагы, 67 ракета атуучу системасы, 252 талаа артиллериясы жана миномёттору жок кылынганын кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597и жаракат алганын 2-мартта моюнга алган. Мекеме андан бери каза болгон аскерлеринин саны тууралуу маалымат бере элек.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Тогуз күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевде жана Харьковдо жасалды. Салгылашууда жүздөгөн адам каза болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG