Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

Пакистанда мечиттеги теракттан ондогон киши набыт болду


Пакистандагы мечиттердин биринде жасалган жардыруу. Архив сүрөт.
Пакистандагы мечиттердин биринде жасалган жардыруу. Архив сүрөт.

Пакистандын бийлиги 4-мартта Пешавар шаарындагы мечиттеги теракттан кеминде 30 киши каза болуп, 50дөй адам жаракат алганын кабарлады.

Пешавар шаарындагы оорукананын өкүлү Мухаммад Асим жаракат алгандардын абалы оорлору көп экенин белгилеп, курмандыктар дагы өсүшү мүмкүндүгүн маалымдады.

Расмий маалыматта айтылгандай, эки жанкечти-террорчу мечитке киргенге чейин полиция кызматкерлерин аткылашкан. Алардын бирин өлтүрүп, андан соң намаз учурунда мечитте өздөрүн жардырып жиберишкен. Чабуулга эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

18-февралда Пакистандын Карачи шаарында белгисиз жарандар Атар Матин аттуу телепродюсерди атып кетишкен. Ага чейин, 20-январда өлкөдөгү экинчи чоң шаар Лахордогу базарда жарылуудан эки адам мерт болгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG