Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Пакистандагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти «ИМ» тобу алды


Жардыруу болгон Пешавардагы шииттердин мечити
Жардыруу болгон Пешавардагы шииттердин мечити

Пакистандын Пешавар шаарындагы шииттердин мечитинде 4-мартта болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өз мойнуна алды.

Аталган топ жарыяган билдирүүдө жанкечтинин жардыруусунан кеминде элүү киши мерт болуп, 200дөн ашууну жаракат алганы белгиленген.

Пакистандын полициясы буга чейин кандуу калаба 56 адамдын өмүрүн алып, жүздөгөн адам жарадар болгонун билдирген. Маалыматка ылайык, эки жанкечти мечитте жума намазы окулуп жатканда алгач туш келди ок чыгарып, андан кийин өздөрүн жардырып жиберишкен.

Пешавар шаарынын полиция башчысы кабарлагандай, эки террорчу алгач полиция менен атышып, алардын бирин өлтүрүүгө жетишкен.

Шииттер Пакистандын 200 миллион чамалуу элинин 20% жакынын түзөт. Буга чейин да алардын мечиттерине кол салуулар болуп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG