Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Блинкен Украинаны аскердик жактан колдоо улантыларын билдирди


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. 4-март, 2022-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. 4-март, 2022-жыл.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, 4-мартта Брюсселде жасаган билдирүүсүндө Батыш мамлекеттери Орусияга санкцияларды катаалдатып, Украинаны курал-жабдык менен камсыздоону улантарын белгиледи.

Буга чейин НАТО Украинанын өлкөнүн аймагына учуусуз зона киргизүү талабын четке каккан. АКШ жана аскердик альянс эгер учуусуз зона киргизилсе, НАТО менен Орусиянын ортосунда тиреш башталып, ири масштабдуу согушка айланып кетиши мүмкүн экенин билдиришти.

Блинкен ошондой эле Батыштагы өнөктөштөр украиналыктар коргонуу каражаттарын жеткирүү үчүн «колунан келгенинин баарын жасап жатканын» кошумчалады. Анын айтымында, буга чейин Орусияга киргизилген натыйжасын берип, рублдун наркы болуп көрбөгөндөй төмөндөп кетти.

Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОнун чечимин кескин сындап, муну менен алар Орусияга бомбалоону улантууга жол ачып жатышканын билдирди.

Ал НАТОнун 4-мартта өткөн жыйынын "өтө алсыз жана түшүнүксүз" деп атады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG