Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Украинадан эвакуацияланган 2500дөн ашуун өзбек жараны мекенине келди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Украинадан Польшага эвакуацияланган өзбекстандыктардын 2579у мекенине келди. Аларга Катовице аэропорту аркылуу 11 авиакаттам уюштурулганын Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Юсуф Кобилжонов 4-мартта билдирди.

Учурда Польшада 1480 өзбек жараны бар. Алардын жарымы Польша менен Украинанын чектеш аймагында уюштурулган атайын жайга, жарымы Катовице аэропортуна жайгаштырылган.

Орусия басып кирген 24-февралдан 4-мартка чейин 1 млн. 200 миңден ашуун адам Украинадан сыртка чыгып кеткенин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча агенттиги кабарлаган.

Качкындардын көпчүлүк бөлүгүн Польша жана Молдова кабыл алды. Мындан сырткары Румыния, Венгрия, Словакияга да көп тургундар чыгып кетишкен. Качкындар андан ары башка мамлекеттерге да өтүүдө.

Кыргызстандыктар Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуация болуп жатат. Алардын алгачкы бөлүгү 5-6-мартта Бишкекке учуп келери кабарланган.

XS
SM
MD
LG