Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Блинкен: АКШ Орусиянын мунайына тыюу салууну караштырууда


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

АКШ жана анын Европадагы өнөктөштөрү Орусиядан мунай импорттоого тыюу салууну караштырып жатат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 6-мартта америкалык NBC телеканалындагы маегинде айтты.

“Азыр биз орус мунайын биздин өлкөлөргө импорттоого тыюу салуу боюнча европалык өнөктөштөр менен активдүү талкууларды жүргүзүп жатабыз. Албетте, ошол эле учурда дүйнөлүк алкакта мунай менен камсыздоонун туруктуулугун сактоо менен”, - деди Блинкен.

Ал кандай жаңы чектөөлөр күтүлүп жатканын так айтпаса да, кандайдыр бир кадамдар таштала турганын четке каккан жок.

Орусиянын мунайына байланыштуу мындай болжолдуу чаралар АКШда бензиндин баасы 2008-жылдан берки эң жогорку чегине жеткен учурда талкууланып жатат.

Былтыр Кошмо Штаттар Орусиядан айына орто эсеп менен 20 миллион баррелден ашык мунай жана кара май продукцияларын импорттогон. Бул АКШнын суюк күйүүчү майды керектөөсүнүн 8 пайыздайын түзөт.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Батыш өлкөлөрү Москвага бир катар экономикалык санкцияларды жарыялады. Азырынча Орусиянын мунай жана көгүлтүр отун тармагына чоң чектөөлөр киргизиле элек. Буга чейин Канаданын өкмөтү Орусиядан мунай импорттоого тыюу саларын жарыялаган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG