Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Харьковдун жанында орус армиясынын генерал-майору окко учканы кабарланды


Харьковдун четинде талкаланган орусиялык танк. 7-март, 2022-жыл
Харьковдун четинде талкаланган орусиялык танк. 7-март, 2022-жыл

Украинанын Коргоо министрлигинин башкы чалгындоо башкармалыгы Харьковдун жанындагы салгылашууларда орус армиясынын генерал-майору Виталий Герасимов окко учканын билдирди.

Маалыматка караганда, генерал Орусиянын Борбордук аскердик округунун командачысынын биринчи орун басары жана штаб жетекчиси болчу. Герасимов Чеченстандагы экинчи согушка жана Сириядагы, Крымдын аннексиясы боюнча операцияларга катышкан.

Иликтөөчү-журналист Христо Грозев генералдын каза болгонун орус аскерлеринин өз ара сүйлөшүүлөрү да тастыктай турганын билдирди. Бирок тасма анын колуна кандайча түшкөнү жана чын-бышыгы тастыкталганын жазган эмес.

Орус тарап генерадын өлүмүн расмий ырастаган жок. Кремлчил Телеграм-каналдар Герасимов тирүү экенин, украин чалгынчылары адашып же жалган маалымат таратышы мүмкүн деп жазышууда. Ошол эле маалда генералдын тирүү экенин бышыктаган маалымат дагы чыга элек.

Өткөн жумада социалдык түйүндөрдө Украинада генерал-майор Андрей Суховецкий окко учту деген маалымат тараган. Ал жоготуу дагы расмий тастыкталган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG