Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Орусия Украинадагы эки аскердик аэродромду талкалаганын билдирди


Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз өкүлү Игорь Конашенков.
Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз өкүлү Игорь Конашенков.

Орусиянын Коргоо министрлиги орус күчтөрү Украинанын Луцк жана Ивано-Франковск шаарларындагы эки аскердик аэродромду "иштен чыгарганын" билдирди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз өкүлү Игорь Конашенков 11-мартта айтты. Ал Орусия Украинага басып киргенден бери украин армиясынын 3213 аскердик инфраструктурасы жок кылынганын кошумчалады.

Коргоо министрлигинин соңку билдирүүсүн көз карандысыз булактар аркылуу ырастоого мүмкүн боло элек. Бирок Луцк жана Ивано-Франковск шаарларынын айрым тургундары эки аэропорттун жанында жарылуунун добуштары угулганын айтышты.

Бомбалоолор буга чейин Орусиянын чабуулу жүрүп жаткан аймактардан батыш тарапта болду. Айрым адистер бул орус күчтөрүнүн чабуулунун жаңы багытын ишарат кылышы мүмкүндүгүн айтышууда.

Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко билдиргендей, 11-мартта орус күчтөрү өлкөнүн чыгышындагы Днепр шаарына үч жолу сокку урду жана андан кеминде бир киши мерт болду.

Улуу Британиянын Коргоо министрлиги Орусиянын кургактагы күчтөрү чектелүү деңгээлде жылыш жасаганы менен орус армиясы баштапкы максатына жете албаганын билдирди. Ошол эле учурда британ министрлиги Москва алдыңкы күндөрү чабуулун жандантып, Киевди кайра бутага алышы мүмкүндүгүн эскертти.

Орусия 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Андан бери Украинада жүздөгөн аскерлер жана жайкын тургундар каза тапты. Согушту токтотууну көздөгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG