Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Италияда орусиялык миллиардердин кымбат яхтасы камакка алынды


Орусиялык миллиардер Андрей Мельниченконун Италияда камоого алынган яхтасы.
Орусиялык миллиардер Андрей Мельниченконун Италияда камоого алынган яхтасы.

Италиянын Финансалык гвардиясы Москванын Украинага аскердик кол салуусуна жооп иретинде Евробиримдиктин санкциялык тизмесине киргизилген орусиялык ишкер Андрей Мельниченконун "А" деген аталыштагы яхтасын камоого алды.

Бул тууралуу италиялык La Repubblica, ошондой эле орусиялык РИА Новости Италиянын укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме берип, маалымат таратышты.

Жалпы наркы 530 миллион еврого барабар бул яхта Италиянын Триест портунда токтоп турган. РИА Новости агенттиги кабарлагандай, кеме француз өнөр жай дизайнери Филипп Старк тарабынан иштелип чыгып, 2008-жылы Германиянын Киль шаарында деңизге сүзүүгө түшүрүлгөн.


Европа Биримдиги 9-мартта Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу Мельниченкону санкциялык тизмеге киргизген.

Бизнесмен «Еврохим» жана «Сибирь көмүр энергетикалык компаниясынын» директорлор кеңештеринин мүчөлүгүнөн кетүүгө аргасыз болгон.

Буга чейин немис өкмөтү Гамбургда Евробиримдиктин санкцияларына кабылган башка бир орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун 156 метрлик яхтасын конфискациялаган.

Францияда бажы кызматкерлери Орусиянын "Роснефть" компаниясынын жетекчиси Игорь Сечинге таандык "Аморе Веро" суперяхтасын кармап, камоого алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG