Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Ысык-Көлдө “Чыгышэлектрдин” кызматкерлерине иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облустук прокуратурасы “Чыгышэлектр” ишканасынын Ысык-Көл райондук электр тармагынын кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алар райондун аймагындагы абоненттерге эсептегичтерди орнотпой, электр энергия берүүчү тутумдарга мыйзамсыз кошкон деп шек саналып жатат. Карызы көп тургундардан акчаны өндүрбөй, аларга жаңы эсептегичтерди орнотуп беришкени аныкталганы кабарланды.

Мындай мыйзамсыз иштерден мамлекетке 2 млн. 547 миң сом зыян келген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” беренесине ылайык иш козголду. Канча кызматкер суралып жатканы айтылган жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG