Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Сот экинчи иш боюнча Алексей Навальныйды тогуз жылга кести


Орусиялык оппозиция лидери Алексей Навальныйга байланышкан жаңы сот иши ал жазасын өтөп жаткан колонияда болду
Орусиялык оппозиция лидери Алексей Навальныйга байланышкан жаңы сот иши ал жазасын өтөп жаткан колонияда болду

Москванын Лефортово райондук соту оппозициячыл саясатчы, Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун жетекчиси Алексей Навальныйдын – алдамчылык жана сотту кемсинтүү иши боюнча тогуз жылга кести. Иш айыпталуучу жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Орусиянын Владимир облусунун Покров шаарында көчмө жыйында карады.

Сот Навальныйды фондго түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон деп тапты. Мындан сырткары ага мурдагы ишин караган сот Вера Акимованы кемсинткен деген кине тагылды. Навальный өзү жана анын санаалаштары бул айыптоолорду четке кагып, муну саясий куугунтук менен байланыштырышты.

Өкүмдү угузуу жараянына 100гө жакын журналист келди. Алар трансляция жүрүп жаткан залда отурушту. Отурумдун өзүнө кабарчылар киргизилген жок.

Мурдараак мамлекеттик Навальныйды алдамчылык жана судьяны мазактоо беренелери боюнча 13 жылга эркинен ажыратып, 1,2 миллион рубль айыпка жыгууну өтүнгөн. Жактоочулар аны актоону суранган.

Прокуратура Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фондунун (Орусиянын бийлиги экстремисттик деп тааныган жана тыюу салган) банк эсептерине жана саясатчынын бир катар шериктеринин жеке эсептерине түшкөн коомдук кайрымдуулук каражаттарын акча чогултууну көздөгөн алдамчылык деп эсептейт. Ошол эле маалда Навальныйга жана анын фондуна кайрымдуулук кылган он миңдеген адамдын ичинен төртөө гана бул иште жабырлануучу катары таанылган.

Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный өзү жана анын санаалаштары айыпты саясий куугунтук деп эсептешет. (ErN)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG