Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Орусия ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн буудайга квота бермей болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө Орусиядан буудай сатып алууга квота берилет. Бул тууралуу бүгүн 23-мартта Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинде өткөн брифингде Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Элдар Алишеров билдирди.

Алишеров маселе чечилгенин, 25-мартка чейин ар бир өлкө буудайга болгон суроо-талабы боюнча орус тарапка маалымат берүүгө тийиштүү экенин айтты:

“Уюмга мүчө өлкөлөр азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча буудай өндүрүү жана керектөө көрсөткүчтөрүнүн балансы тууралуу маалымат бериши керек болот. Орус тарап ошонун негизинде ар бир өлкө үчүн квота аныктайт”.

Алишеровдун айтымында, буудай боюнча квотага ЕАЭБдин Казакстандан тышкары бардык мүчөлөрү муктаж. Казакстан буудай менен өзүн өзү камсыз кылып, жылына 6 миллион тоннаны экспортко чыгарып турат.

15-мартта Орусия өкмөтү өлкөдөн дан азыктарын чыгарууга 31-августка чейин тыюу салган. Кыргызстан дан азыктарын Орусиядан жана Казакстандан сатып алат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Соңку жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG