Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:49

УКМК кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын маалымдады


Иллюстрация. Кыргыз-тажик чек арасы.
Иллюстрация. Кыргыз-тажик чек арасы.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 24-мартта кыргыз-тажик чек ара тилкесинде курал колдонулган чыр чыкканын маалымдады.

Расмий маалыматка ылайык, Баткендин Лейлек районуна караштуу Борбордук айылында кызмат өтөп жаткан атайын кызматтын аскерлери кампалардын биринде жүк менен турган Hyundai-Porter машинесин аныкташкан. Териштирүү үчүн чек арачылардын коштоосунда айдоочу автоунааны чек ара бекетине кампанын ээсине айдатып бара жатып, Арка-Борбордук айылына жакын жолдон 15-20 тажик жарандары чогулган жерден машинени таштап качкан. Чогулган тажик жарандары кыргыз аскерлерин кармоого аракет кылышкан. Кыргызстандын “Жаңы-Жер” чек ара бекетинин башчысы аскер кызматкерлерин жана курал-жарактарды тартып алууну алдын алуу үчүн, бир нече жолу эскертүү иретинде асманга ок чыгарган.

Атайын кызматтын кабарлашынча, тажикстандыктар кыргыз чек арачыларын кармай алышкан эмес, бирок огу жок “Калашников” куралын жана байланыш каражатын тартып алышкан.

УКМК чыр-чатактын ырбап кетишине жол бербөө үчүн Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облустарындагы чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, жакын арада жолугушуп, куралды жана байланыш каражатын өткөрүп берерин кабарлады. Чек ара кызматы учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин маалымдады.

Окуя боюнча Тажикстандын расмий органдары маалымат тарата элек.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, азыр анын 519у гана такталган. Такталбаган тилкелер эки тараптын ортосундагы ар кандай чыр-чатактарга себеп болуп келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG