Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

"Биринчи каналдын" согушту жектеген журналистине иш козголду


Орусиянын "Биринчи каналынын" жаңылыктар кызматынын "Время" программасынан. 14-март, 2022-жыл.
Орусиянын "Биринчи каналынын" жаңылыктар кызматынын "Время" программасынан. 14-март, 2022-жыл.

Москванын Останкино соту "Биринчи каналдын" жаңылыктар кызматынын мурдагы редактору Марина Овсянниковага карата “Орусия армиясын дискредитациялоо” боюнча кылмыш ишин каттады. Бул тууралуу аталган соттун сайтында кабарланды.

Соттук ишти кароо 14-апрелге дайындалды. Ага 50 миң рублге чейин айып пул салынышы мүмкүн. Буга чейин журналистке ушул эле сот 30 миң рубль айып пулга жыккан.

Овсянникова өзү “Медуза” басылмасына бул кылмыш иши эмес экенине кубанып жатканын айтып, бул анын “чындык үчүн күрөшүүсүнө мүмкүнчүлүк берерин” билдирди.

Марина Овсянникова 14-мартта “Время" программасынын кечки чыгарылышындагы түз эфирде студияга кирип барып, алып баруучу Екатерина Андрееванын артына туруп: "Согушту токтоткула! Пропагандага ишенбегиле. Бул жерде силерге калп айтып жатышат" деген плакатты көтөрүп чыккан. Ал "Согушту токтоткула!" жана "Согушка жол жок!" деп кыйкыра баштаганда режиссёрлор эфирди башка сюжеттин кадрлары менен жабууга аргасыз болушкан.

Мунун алдында Овсянникова видеокайрылуу жазып, анда Украинага жасалган баскынчылыкты айыптаган. "Бул - кылмыш, Орусия агрессор өлкө жана бул кол салууга бир гана киши - Владимир Путин жооптуу" деген ал. Кийин ал кармалып, 14 сааттан ашык сурак берип чыккан.

Овсянникованын аракети тартылган видео жана анын кайрылуусу социалдык тармактарда кеңири тараган. Украинанын президенти Владимир Зеленский тайманбай согушка каршылыгын көрсөткөн журналистти алкап, баскынчылык согушту айыптап жаткан башка орус жарандарына дагы ыраазычылык билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG