Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Талибдер балдар менен кыздарды оюн-зоок жайларына чогуу киргизбейт


Оогандык окуучу кыздар. Герат шаары. 23-март, 2021-жыл.
Оогандык окуучу кыздар. Герат шаары. 23-март, 2021-жыл.

Талибдер Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы бардык оюн-зоок борборлорунда эркектер менен аялдардын чогуу болушуна тыюу салды. Мындай чектөөнү "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) түзгөн өкмөттөгү Ыйманды алга сүрөө жана адеп-ахлаксыздыктын алдын алуу боюнча министрлиги 27-мартта жарыялады.

Ага ылайык, аялдар менен кыздар Кабулдагы оюн-зоок борборлоруна жекшембиден шейшембиге чейин гана бара алышат. Бул жайлар эркектер жана балдар үчүн шаршембиден ишембиге чейин ачык болот. Министрлик жарыялаган жадыбалда үй-бүлөлөргө эч кандай жеңилдик каралган эмес.

Талиб өкмөтүнүн соңку чечими Ооганстанда аялдар менен кыздардын укугу чектелип жатканы тууралуу тынчсызданууларды ого бетер күчөттү.

23-мартта талибдер 6-класстан жогорку окуучу кыздарга мектепке барууга тыюу салган чечимин кеңейткен. Натыйжада Ооганстанда 1 миллион ашык кыз окууга бара албай калган. Аны улай Кабулда мугалимдер, окуучулар жана аялдардын укугун коргогон активисттер митингге чыгышкан.

Буга чейин талибдер жети айдан бери жабык турган мектептерди 23-марттан тарта ачып, кыздардын билим алуусуна шарт түзүүгө убада берген эле.

Окуучу кыздардын билим алуусун чектеген бул чечимден кийин АКШнын расмий өкүлдөрү талиб жетекчилери менен Дохада өтөрү белгиленген жолугушуусун токтотуп койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG