Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

Блинкен АКШ Орусияда режимди өзгөртүүнү көздөбөй турганын айтты


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон орус президенти Владимир Путинди бийликтен кетирүүнү көздөбөй турганын билдирди. Ал мындай сөзүн 27-мартта Израилдеги сапары маалында айтты. Америкалык башкы дипломат Кошмо Штаттардын Орусияда болобу, же башка жерде болобу "режимди өзгөртүү тууралуу стратегиясы жок" экенин белгиледи.

АКШнын президенти Жо Байден Польшадагы бир күн мурдагы сапары маалында Путин "бийликте кала албайт" деп айткан. Аны улай Ак үй Байдендин алдын ала даярдалбаган бул сөзү туура эмес чечмеленип жатканын, ал Кремлдеги режимди алмаштырууга чакырбаганын билдирген.

Блинкен президент Байден мындай билдирүүсү менен "Путинди Украинага же башка өлкөгө каршы согуш ачууга же агрессиялык кадамга барууга шыктандырбоо зарылчылыгына" басым жасагысы келгенин кошумчалады.

Америкалык президенттин сөзүнө Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын жетекчилигинин тагдырын "Байден чече албайт" деп жооп кайтарган болчу.

"Орусиянын президенти орус жарандары тарабынан шайланат", - деп айткан Песков.

АКШ президенти Польшадагы сапары маалында Путинди "касапчы", "согуш кылмышкери" деп да атаган болчу.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери миңдеген жайкын тургундардын жана аскердик кызматкерлердин өмүрү кыйылды. Эки өлкөнүн ортосундагы согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG