Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Орус-украин делегациялары Түркияда сүйлөшүүлөрдү өткөрөт


Орусия менен Украинанын делегацияларынын алгачкы сүйлөшүүлөрүнүн бири.
Орусия менен Украинанын делегацияларынын алгачкы сүйлөшүүлөрүнүн бири.

Украина менен Орусиянын делегациялары бетме-бет сүйлөшүүлөрүн 28-30-март күндөрү Түркияда улантат. Бул тууралуу украин делегациясынын мүчөсү, парламенттеги “Эл кызматчысы” фракциясынын башчысы Давид Арахамия 27-мартта Фейсбук аркылуу билдирди.

Ал мындай чечим эки тараптын делегацияларынын жекшембидеги онлайн сүйлөшүүсүндө кабыл алынганын кошумчалады. Бирок түз сүйлөшүүлөр Түркиянын кайсы шаарында өтөрүн тактаган жок.

Украинадагы экинчи айга аяк баскан согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөр бир нече аптадан бери өтүп жатканы менен андан толук жыйынтык чыга элек.

Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу орус-украин делегациялары "олуттуу" маселелер боюнча мунаса табууга жакындап калганын, жакын арада ок атышпоо келишими болот деп үмүт артып турганын айткан.

Андан мурдараак Чавушоглу Антальяда Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавровдун ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Бир апта мурда украин президенти Владимир Зеленский CNN телеканалы менен маегинде орус президенти Владимир Путин менен түз сүйлөшүүгө даяр экенин дагы бир жолу кайталаган. Бирок Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки өлкөнүн президенттери жолугардан мурда делегациялардын тынчтык сүйлөшүүлөрүндө олуттуу жылыш болушу керек экенин белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG