Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Украин-орус делегацияларынын сүйлөшүүсүндө жылыш байкалды


Украина менен Орусия делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн алдында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган сөз сүйлөдү. 29-март, 2022-жыл. Стамбул.
Украина менен Орусия делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн алдында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган сөз сүйлөдү. 29-март, 2022-жыл. Стамбул.

Украина менен Орусиянын Стамбулда өткөн сүйлөшүүсүндө оң жылыш байкалды. Москва Киевдин айланасындагы жана Украинанын түндүгүндөгү аскердик операциясын басаңдата турганын билдирди.

Ал эми эгер Москва Евробиримдикке кошулууга тоскоолдук кылбаса Украина эч кандай аскердик биримдиктерге кошулбоого жана чет элдик аскерлерди жайгаштырбоону сунуштады. Бул сунуштар эми Кремлге жөнөтүлөт.

Украин делегациясынын өкүлү Михаил Подоляк Твиттерге Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымдын маселеси аскердик эмес, саясий-дипломатиялык жол менен чечилерин жазды.

Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы мамлекетке жасалган эң ири кол салуудан улам чет жакка качууга аргасыз болгон украиналыктардын саны төрт миллионго чамалады.

Миңдеген адам курман болуп, жаракат алды. Ал эми орус экономикасы Батыш мамлекеттеринин санкцияларынан катуу жабыркады.

Ушул тапта Мариупол шаарындагы он миңдеген киши орус аскерлеринин курчоосунда турат.

XS
SM
MD
LG