Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

Полиция Сердар Бердымухамедовдун сүрөтүн таксилерге тагууну милдеттендирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстанда Жол полициясы такси айдоочуларды машинасынын алдыңкы айнегине президент Сердар Бердымухамедовдун сүрөтүн чаптап жүрүүгө милдеттендирди.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы мындай талап Мары велайетинде башталганын жазды. Ошондой эле Жол полициясы айдоочуларга жаңы президенттин ксерокопиядан көбөйтүлгөн сүрөтүн беш манатка (1,5 доллар) сатып алууну сунуштап жатканы белгилүү болду.

Гурбангулы Бердымухамедов өлкө башчысы болуп турганда такси айдоочулар анын сүрөтүн машинасынын ичинде көзгө урунчу жерге чаптап алууга милдеттүү болчу.

Сердар Бердымухамедов 19-мартта ант кармап кызматка киришкенден тартып бардык мекеме-жайларда президенттин сүрөтү алмаштырылып жатат.

Медициналык мекемелерге мурдагы президенттин ак халатчан түшкөн сүрөтүн албай, анын жанына жаңы президенттин, уулунун сүрөтүн жанаша илип коюу талабы коюлганы маалым болду.

Дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири деп саналган Түркмөнстанды 2006-жылдын аягынан бери бери башкарып келген Гурбангулы Бердымухамедов февраль айында күтүүсүздөн бийликти "жаштарга тапшырууга" даяр экенин билдирген жана андан көп өтпөй мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялаган. Президенттик шайлоо 12-мартта өтүп, Гурбангулы Бердымухамедовдун 40 жаштагы уулу Сердар добуштарды 73% алып, жеңүүчү деп табылган.

Түркмөн оппозициясы жана көз карандысыз байкоочулар шайлоодо демократиялык стандарттар сакталбаганын, бюллетендерди топ-тобу менен салуу сыяктуу одоно мыйзам бузуулар болгонун билдиришкен. Ошондой эле бул шайлоого катышкан калган сегиз талапкерлердин арасында бийликке ачык сын айткандар болгон эмес.

Түркмөнстан дүйнөдөгү адам укуктары менен эркиндиктери эң көп чектелген, авторитардык башкаруу өкүм сүргөн мамлекет катары мүнөздөлүп келет. Freedom House уюмунун дүйнөдөгү демократиянын абалын талдаган баяндамасында Түркмөнстан эң акыркы саптан орун алган. 30 жылдан ашык убакыттын ичинде бул өлкөдө өткөн бир дагы шайлоону эл аралык байкоочулар эркин деп тааныган эмес.

Гурбангулы Бердымухамедов 1-апрелден тартып эмгек өргүүсүнө чыгары белгилүү болгон жана анын мөөнөтү качан аяктары белгисиз.

XS
SM
MD
LG