Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Отунбаева Кыргызстанда саясий дискуссиялар керектигин айтты


Апрель окуясынын жыйынтыгын талкуулаган тегерек үстөл. 5-апрель, 2022, Бишкек
Апрель окуясынын жыйынтыгын талкуулаган тегерек үстөл. 5-апрель, 2022, Бишкек

Кыргызстан өзүнө өзү көз салып, саясий дискуссияларды өткөрүп турушу керек.

Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева бүгүн, 5-апрелде Бишкекте Апрель окуясынын жетишкендиктери менен кемчиликтерин талкуулаган тегерек үстөлдө сүйлөп жатып билдирди. Апрель окуяларынын жыйынтыгын анализдөө зарылдыгын белгиледи.

"Бизде саясий дискуссия, саясий топтор болуш керек. Ушунун баары болбосо биз "Демократия аралчасы" дегенди жоготобуз. Ансыз деле биз демократиялык өлкөлөрдүн катарынан чыкканбыз. Ошого кайтып келишибиз керек. Согуш дагы өзүнчө дискуссияга татыктуу. Бирок өзүбүздүн өлкөбүзгө көз салып, демократиялык жолго өтпөсөк келечегибиз кыйын болот", - деди Отунбаева.

"Апрель окуясы: жетишкендиктер жана кемчиликтер" деген аталыштагы талкууга Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, саясат талдоочулар, эксперттер катышууда.

2010-жылы 6-7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы чыккан элге ок атылып, 90дой демонстрант каза болгон. 500дөн ашууну жараат алган. Бакиев бийликтен кулап, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Апрель окуясы боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далил жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG