Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Бишкекти өнүктүрүүнүн Улуттук программасы даярдалууда


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкектин мэриясы шаарды өнүктүрүүгө байланыштуу эки стратегиялык документти иштеп чыгууда.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Программада баш калааны жашыл жана жагымдуу чөйрөсү бар заманбап шаарга айлантуу каралган. Мындан сырткары капиталды жана туристтерди тартуу борбору катары өнүктүрүү милдети турат. Программа эксперттик коомчулуктун, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жана эл аралык уюмдардын катышуусунда алкууланды.

Мэриянын басма сөз кызматы муну менен катар 2023-2025-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы иштелип чыга турганын кабарлады. Ал шаардын 2023-жылга бюджетин иштеп чыгуунун негизи болуп калат.

Соңку жылдары Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөр көп салынууда. Алардын мыйзамдуулугу боюнча талаш-тартыш чыккан учурлар бар. Буга чейин шаар тургундары мыйзамсыз курулуштарга каршы акцияларды өткөрүшкөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламент жыйынында Бишкек шаарында жашылдандыруу иши колго алынбай, курулуштар чар-жайыт жүрүп жатканын сынга алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG