Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Венгрияны Евробиримдиктин каражатынан ажыратуу жараяны башталды


Виктор Орбан шайлоону жеңгенден кийин. Будапешт,. 3-апрель, 2022-жыл
Виктор Орбан шайлоону жеңгенден кийин. Будапешт,. 3-апрель, 2022-жыл

Европа комиссиясы Венгриянын эреже бузуусун териштире баштады.

Бийлик демократиялык нормалардан чегингендиги үчүн өлкө шаркеттин каражаттарынан пайдалана албай калышы мүмкүн.

Тиешелүү жараянды баштоо чечими премьер-министр Виктор Орбан кайрадан парламенттик шайлоону жеңгенден кийин кабыл алынды. Евробиримдик буга чейин көп жылдан бери өкмөт башчыны иммиграциялык саясаты, сот системасынын көз карандысыздыгын камсыздабаганы, медианын эркиндигин чектегени, мамлекеттик сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуулар үчүн сындап келген.

Еврокомиссиянын 5-апрелдеги маалыматына караганда, бул ирет мыйзам үстөмдүгүн орнотууну караган жаңы механизм колдонулмакчы. Муну менен шаркеттин каражаттарын максатсыз пайдаланууга бөгөт коюу каралууда. Венгрия өкмөтү Еврокомиссиянын жаңы мехнизмди ишке киргизүү кадамын сындады.

XS
SM
MD
LG