Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

Башкы прокурор Токтакунов жана Бейшеналиев боюнча түшүндүрмө берди


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Баш прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште отчет берип жатып адвокат Нурбек Токтакуновдун беш суткага камалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Депутат Сеид Атамбаев саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен адвокат Нурбек Токтакуновго мыйзамда көрсөтүлгөндөй бирдей мамиле жасалбай, жактоочу сотторду тилдегени үчүн беш суткага камалганын айтты. Зулушев министрге карата чара көрүлүп жатканын, эскертүү, кызматтык этиканы бузганы үчүн Министрлер кабинетине эки сунуш берилгенин айтты.

"Бөлүп кароо жок. Бардыгына бирдей мамиле. Кызматтык абалда сөзсүз этиканы сакташы керек. Ал эми Токтакунов судьяга ошондой сөз айтып жатса, биз мамлекет болгондон кийин тартипти сакташыбыз керек да. Жактоочу үлгүлүү болуш керек, жанагыдай сөздөрдү айтып, коомчулукта пикир жаратып жатат", - деди Зулушев.

Укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерди токтотуу талабы менен пикетке чыккан жана аларды милиция кармап кеткен. Сот аларга үч миң сомдон айып пул салган.

Сотто аларга жактоочу болгон Нурбек Токтакуновду Биринчи май райондук соту 24-мартта судьяларды тилдеген деген негизде беш суткага камалып чыккан.

Буга чейин парламенттин айрым депутаттары саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коомдук жайлардагы жүрүм-туруму, башка кесиптештери тууралуу айткандары боюнча өлкө жетекчилерин реакция кылууга чакырган.

Министр бир катар таанымал дарыгерлерди сындап, иштен алган. Мамлекеттик ооруканаларда жайгашкан бир нече менчик медицина борборлорун имараттан чыгарууда чыр чыккан. Бейшеналиев өзү саламаттык сактоо тармагында реформа жасап жатканын, ага айрым адамдар бут тосууга аракет кылып атканын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG