Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Баш прокурор Бакиевдерди алып келүүгө мүмкүн болбой жатканын билдирди


Мурдагы президент Курманбек Бакиев. 2010-жыл. (архивдик сүрөт)
Мурдагы президент Курманбек Бакиев. 2010-жыл. (архивдик сүрөт)

2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстандан качып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевди жана анын бир туугандарын алып келип, жоопко тартууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Бул тууралуу баш прокурор Курманкул Зулушев парламентте 6-апрелде бир жылдык ишинин отчетун берип жатканда айтты.

Депутат Жанарбек Акаев Бакиевдерди алып келүү боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сураганда, Зулушев төмөнкүчө жооп берди:

"Башка өлкөдө болгондуктан, прокуратура тарабынан бир нече кат жөнөтүлгөн, бир нече кылмыш иштери козголгон. Аларды башка өлкө берүүдөн баш тарткандыктан, сиз айткан жарандардын бирин да мамлекетке алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатат", - деди Зулушев.

2010-жылы 6-7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы чыккан элге ок атылып, 90дой демонстрант каза болгон. 500дөн ашууну жараат алган. Бакиев бийликтен кулатылып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Апрель окуясы боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 30га жакын адамга кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далил жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган. Быйыл апрель окуясына 12 жыл болот. (SE)

XS
SM
MD
LG