Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Орусиялык саясатчы, депутат Владимир Жириновский көз жумду


Владимир Жириновский.
Владимир Жириновский.

Орусиянын либерал-демократиялык партиясынын (ЛДПР) негиздөөчүсү, Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновский 76 жашка караган курагында көз жумду. Бул тууралуу Мамдуманын спикери Вячеслав Володин билдирди. Буга чейин саясатчы коронавирус инфекциясына кабылып, февралдын башынан бери ооруканада жатканы кабарланган.

РИА Новости жана ТАСС спикерге таянып жазганына караганда, маркум узак жана оор дарттан кийин кайтыш болду. ЛДПР да лидеринин өлүмүн тастыктады.

Казакстанда туулган Жириновский улутчул риторикасы менен белгилүү болчу. Декабрдын аягында мамлекеттик телеканалдагы берүүлөрдүн биринде депутат орус армиясы Украинаны жаңы жыл алдында бомбалашы мүмкүн деп айткан.

1990-жылдары экинчи чечен согушунун башында ал Чеченстанга каршы ядролук курал колдонуу керек деп билдиргени бар. Саясатчы АКШдан Алясканы тартып алууга, мурдагы советтик мамлекеттерди кайра көзөмөлдөөгө, Казакстанды Орусияга кошуп алууга чакырып келген.

Маркум качан жана кайсы жерге коюлары айтыла элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG