Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Пакистанда премьер-министрге ишеним көрсөтпөө маселеси каралат


Пакистандын премьер-министри Имран Хан.
Пакистандын премьер-министри Имран Хан.

Пакистандын парламенти 9-апрелдеги жыйынында премьер-министр Имран Ханга ишеним көрсөтпөө маселесин караганы жатат. Буга Пакистандын Жогорку Сотунун Имран Хандын парламентти таратуу аракетине бөгөт койгон өкүмү себеп болду.

7-апрелде Жогорку Соттун беш судьясынын баары мыйзам чыгаруу органын таркатуу чечими Конституцияга каршы келерин белгилеп, парламенттин ыйгарым укуктарын кайра калыбына келтирген.

Аны улай оппозициянын лидери, Пакистандын Мусулман Лигасы-Наваз (PML-N) партиясынын башчысы Шахбаз Шариф премьер-министр Имран Ханга ишеним көрсөтмөө демилгесин көтөргөн. Ал эгер депутаттар Ханды кызматтан кетирсе, жаңы премьер-министрликке өзүнүн талапкерлигин коёрун айтты.

28-мартта парламенттеги оппозиция өкүлдөрү премьер-министр өлкө экономикасын натыйжалуу тескей алган жок деген жүйө менен ага ишенбөөчүлүк жарыялоо сунушун көтөрүшкөн. 3-апрелде Имран Хан Пакистандын президенти Ариф Алвини парламентти таркатууга жана чукул шайлоо өткөрүүгө чакырган. Аны улай Алви парламентти тарткаткан. Оппозиция мындай чечимге каршы сотко кайрылган.

Пакистандын крикет боюнча курама командасынын мурдагы капитаны, 69 жаштагы Хан бийликке 2018-жылы келген. Ал өзүнө ишеним көрсөтпөө демилгесин эл аралык кутумдун бир бөлүгү деп мүнөздөп жатат. Хан 8-апрелде Пакистан калкына кайрылуу жасайт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG