Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Еврокомиссиянын президенти Буча шаарына барды


Урсула фон дер Ляйен Буча шаарында, 8-апрель 2022-жыл.
Урсула фон дер Ляйен Буча шаарында, 8-апрель 2022-жыл.

Украинага келген Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен, Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел жана Словакиянын премьер-министри Эдуард Гегер жума күнү Буча шаарчасына барышты. Аларды украин премьер-министри Денис Шмыгаль коштоп жүрдү.

Алар орус күчтөрү чыгып кеткенден кийин Бучада табылган массалык көрүстөндөрдү көрүшүп, кыргында каза тапкандарды эскеришти.

"Бул жерде ойго келбеген иштер болду. Биз Путиндин армиясынын ырайымсыз жүзүн көрдүк. Бучада адамгерчилик талкаланганын көрдүк", - деди Урсула фон дер Ляйен.

Еврошаркеттин жогорку жетекчилери украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн жума күнү Киевге келишкен.

Орус аскерлери Киевдин жанындагы Буча шаарчасынан марттын аягында чыгып кеткен. Андан бери Бучанын көчөлөрүндө табылган жайкын тургундардын туш келди жаткан сөөктөрү эл аралык коомчулуктун кескин айыптоосуна кабылып, Москвага каршы жаңы санкцияларга себеп болду. Кремл орус күчтөрү Украинада жайкын тургундарга ок атканын четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG