Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Москвада Путин менен Австриянын канцлери жолугат


Карл Нехаммер ишембиде Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолуккан.
Карл Нехаммер ишембиде Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолуккан.

Австриянын канцлери Карл Нехаммер дүйшөмбүдө, 11-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат. Ал Орусия 24-февралда Украинага бастырып киргенден бери Москвага барган биринчи европалык лидер болуп калмакчы.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Австриянын канцлеринин келерин бышыктады.

Нехаммер сапарынын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү жана Украинадагы аскердик кылмыштарга байланыштуу маселе көтөрөрүн билдирди.

Ал “Твиттердеги” баракчасына “Гуманитардык коридорлор, ок атууну токтотуу жана аскердик кылмыштарды толук иликтөө керек” деп жазды.

Ал ушул ишембиде Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, Орусиянын агрессиясын токтотуу, саясий жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү талкуулаган.

Австрия НАТОнун курамына кирбеген, нейтралдуу өлкө жана Украинага курал-жарак жөнөткөн жок.

Мунун алдында Украина Орусия менен өлкөнүн чыгышындагы оор салгылашуулар жүрүп жаткан аймактан жай тургундарды чыгаруу үчүн тогуз коридорду колдонуу тууралуу макулдашканы белгилүү болгон.

Жекшембиде Луганск облусунун башчысы Сергей Гайдай кабарлагандай, курчоого алынган бул аймактын тургундарын чыгарып кетүү үчүн тогуз поезд каттамы даярдалат.

Орусия аталган аймакта өз аскерлерин жана техникасын көбөйтө баштаганына байланыштуу украин бийлиги калкты тез арада бул аймактан чыгып кетүүгө үндөп жатат. 8-апрелде Донецк облусунун Краматорск шаарынын вокзалы ракеталык аткылоого кабылып, кеминде 52 киши набыт болуп, жүздөгөнү ар кандай жараат алган.

Орусия айыптоолорду четке кагып, муну Москваны күнөөлөш үчүн украин аскерлеринин атайын аракети катары сыпаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG