Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 14-апрелде Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24,
Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнү 11…16, күндүз 23…28,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19,
Нарын облусунда түнкүсүн 5…7, күндүз 15…17,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5.
Бишкекте күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнү 10…12°, күндүз 20…22° болот. (BTo)