Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Украинада 13-апрелде гуманитардык коридорлор ачылбайт


Украина-Польша чек арасындагы качкындар.
Украина-Польша чек арасындагы качкындар.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук 13-апрелде салгылашуулардын чордонунда калган карапайым элди чыгаруу үчүн бир дагы гуманитардык коридор ачылбасын билдирди. Киев өкмөтүнүн өкүлү Телеграм каналына жайгаштырган постунда орус аскерлери эвакуацияга жол ачкан келишимдерди аткарбай, абал кооптуу болуп турганын жазды.

“Мунун баары жолдорду кооптуу кылып, биз гуманитардык коридорлорду ачпоого мажбур болдук”, - деп айтты Верещук.

Орус тараптан азырынча комментарий боло элек.

Буга чейин тынч элди эвакуациялоо үчүн коридор түзүү аракеттери айрым учурларда аткылоолордон улам үзгүлтүккө учурап, тараптар бул үчүн бири-бирин айыптап келген.

Киев бийлиги өлкө чыгышындагы карапайым элди тезирээк коопсуз жерлерге көчүп кетүүгө чакырган. 8-апрелде Донецк облусундагы Краматорск шаарындагы темир жол вокзалы башка жактарга качууга аракеттенген аялдар менен балдарга, кары-картаңдарга толуп турган учурда сокку урулган.

Орусия кол салгандан бери Украинанын 44 миллион калкынын чейреги үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Алардын 4 миллиондон көбү чет өлкөлөргө агылды. Украинанын көптөгөн шаар-кыштактары урандыларга айланды, миңдеген киши каза таап, жаракат алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG