Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Нидерландда Ооганстанда согуш кылмыштарын жасаган киши 12 жылга кесилди


Пул-и-Чарки түрмөсү. Кабул, 2020-жыл.
Пул-и-Чарки түрмөсү. Кабул, 2020-жыл.

Нидерланддын соту теги оогандык кишини согуш кылмыштары жана саясий каршылаштарын кыйноого алганы үчүн айыптап, 12 жылга кести. Гааганын райондук соту 14-апрелде билдиргендей, Абдул Рафиф иш жүзүндө 1983-1990-жылдары Кабулдагы Пул-и-Чарки түрмөсүнүн башчысы болуп иштеген Абдул Разак Ариф экени аныкталган.

"Жарандык согуш жүрүп жатканда абакта ооган режиминин көптөгөн оппоненттери адам чыдагыс шартта кармалып келген", - деп белгилеген сот айыпталуучунун "башка адам менен алмаштырып алышкан" деген актануусун четке какты.

76 жаштагы Ариф 2001-жылы Рафиф деген ат менен Нидерландда башкалка алган. Күбөлөр сот процессинде аны таанып, кылган кыянат иштерин айтып беришти.

Жараян “универсалдуу юрисдикция” принцибине таянып жүргүзүлдү. Ага ылайык, согуш кылмышына жана адамзатка каршы кылмышка шектелген адамды башка өлкөдө соттосо болот.

Сот буга анын Нидерландда жашап, жарандыкты алганын жүйө келтирди.

Айыпталуучунун адвокаты апелляция арызын берерин айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG