Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

"ИМ" террордук тобу тарапкерлерин мурдагы лидери үчүн өч алууга үндөдү


Сириядагы түрмөдө отурган, "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөлөрү деп шектелген адамдар, 26-октябрь 2019-жыл.
Сириядагы түрмөдө отурган, "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөлөрү деп шектелген адамдар, 26-октябрь 2019-жыл.

"Ислам мамлекети" террордук тобу өз тарапкерлерин Украинадагы согуштан пайдаланып, мурдагы лидери Абу Ибрагим ал-Курашинин өлүмү үчүн өч алууга чакырды.

Кайда жана качан жаздырылганы белгисиз аудиодо террордук топтун басма сөз катчысы Абу-Омар ал-Мухажжир уюмдун тарапкерлерин Европадагы чабуулдарын жандантууга, ал-Курашинин өлүмү үчүн жаңы "дүйнөлүк чабуулга" өтүүгө чакырган. Ал Украинадагы согушту "мүмкүнчүлүк" катары мүнөздөгөн.

Абу Ибрагим ал-Кураши февраль айында АКШнын Сириянын түндүк-батышындагы аскердик операциясында өлтүрүлгөн. Анда Ак үй ал-Кураши колго түшпөш үчүн жана кылмыштары үчүн камалбаш үчүн өзүн жардырып жибергенин билдирген.

Ал-Кураши 2019-жылдын октябрь айында террордук топтун мурдагы башчысы Абу-Бакр ал-Багдади өлтүрүлгөндөн кийин жихадчыл уюмдун башына келген.

"Ислам мамлекети" тобу Сирия менен Иракта үрөй учурган кылмыштары жана дүйнөнүн булуң-бурчунда бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган террордук чабуулдары менен белгилүү. Сирия менен Иракта бул уюм көзөмөлдөп келген акыркы аймак 2019-жылдын мартында бошотулган. Андан бери уюмдун согушкерлери көбүнесе Сириянын чөлдүү аймактарында баш калкалап жүргөнү кабарланып келет.

Алар бул аймактарда күрттөрдүн кошуундарын жана Сириянын өкмөттүк күчтөрүн буктурмага алган учурлар болгон. Жихадчыл топ Иракта да ар кыл террордук чабуулдарды уюштуруп келет. Бул террордук уюмдун бутактары Ооганстандын айрым аймактарында да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG