Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:02

"Каржы пирамидасына" алдангандар сот создугуп жатканын айтып чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.

«Элиза үй буюмдары» уюмуна алданганын айткан адамдар тобу бүгүн 20-апрелде Бишкекте пресс-конференция уюштуруп, соттук териштирүү создугуп жатканын билдиришти. Алар жалпысынан бул уюмга 46 миңдей адам алданганын айтышты.

Иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатканы белгилүү болду. Мекеме азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы "Элиза үй буюмдары" деп аталган “каржылык пирамидага” байланыштуу кылмыш ишин Жазык кодексинин “Каржы пирамидаларын уюштуруу” деген 214-беренеси менен козгогон.

Шектүү катары 2021-жылдын июль айында кармалган 25 жаштагы Элиза Бактыбек кызы жана анын күйөөсү августта үй камагына чыгарылган.

Прокуратура анын камак мөөнөтүн узартууну суранган, бирок колунда 1,5 жашар наристеси жана алты айлык боюнда бар экенине, анын атындагы акча каражаттары боюнча электрондук эсептер камакка алынганына жана күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө макулдашуу түзүү тууралуу өтүнүч менен прокуратурага кайрылганына байланыштуу сот үй камагын чегерген.

Жазык кодексиндеги “Каржы пирамидаларын уюштуруу” деген берене боюнча жаза чарасы беш жылга чейинки мөөнөттү түзөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) быйылкы жылдын эки айында 133 адам “каржы пирамидасына” алданып, 61 миллион сом чыгым тартканын билдирген жана бул алдамчылыктын эң кеңири тараган түрү экенин кабарлаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG