Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Депутат Ботаникалык бакты мэрияга өткөрүү аракети жүрүп жатканын айтты


Бишкектин четиндеги Ботаникалык бак.
Бишкектин четиндеги Ботаникалык бак.

Бишкектеги Ботаникалык бакты мэриянын карамагына өткөрүү аракети тымызын жүрүп жатканын бүгүн 21-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин төрайымы Динара Ашимова билдирди. Ал 4-апрелде комитет мэриянын балансына өткөрбөө тууралуу чечим кабыл алганын, бирок ошол эле күнү өкмөт буга каршы аракет көргөнүн айтты:

“Биздин маалыматка караганда, 4-апрелде Министрлер кабинетине чакырып, Бишкек шаардык кеңешине “мэриянын балансына алгыла” деген тапшырма берилиптир. Мыйзамды тебелебейли. Бүгүн биз бул маселени парламентте карайбыз. Тиешелүү токтом чыгарып, жөнөтөбүз. Эгер тоготпостук болсо биз да тийиштүү чара көрөбүз. Ботаникалык бак Бишкектин өпкөсү”.

Өкмөт жана шаардык кеңеш Ашимованын бул билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ботаникалык бак боюнча соңку расмий маалымат 20-апрелде өкмөттүн сайтына чыккан. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ботаникалык бакка барып, бак кейиштүү абалда экенин, ал шаар тургундарынын жана конокторунун табияттан ыракат ала турган жерине айланарын, менежерлик идеялар керек экенин, мэрияга өткөрүү ыктымалдыгы каралып жатканын, кандай болгон күндө да анын илимий макамы толук сакталып каларын жана ишмердүүлүгү өзгөртүлбөй турганын айтканы маалымдалган.

Ботаникалык бактын жетекчилиги мэриянын карамагына өткөрүүгө каршы экенин, мекеме Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Энвер Гареев атындагы “Ботаникалык бак” илимий-изилдөө институту деп аталарын директору Гүлайым Дөңбаева “Азаттыкка” 20-апрелде билдирген. Ал Ботаникалык бак жөн гана бак эмес, эл аралык кызматташтык жүргүзүүчү илимий институт экенин, чакан парктар ар кимдин колуна өтүп кеткен Бишкекте бул бакты коргоп калуу ыктымалдыгы аздыгын, азыркыдай кейиштүү абалга 30 жылдан бери каржылоо жетишсиз болгону себеп экенин белгилеген.

1938-жылы негизделген "Ботаникалык бак” институтунун жалпы аянты 170 гектар. Анын 150 гектары Ахунбаев көчөсүндө, 20 гектары Горький көчөсүндө жайгашкан.(RK)

XS
SM
MD
LG