Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Ажылык зыяраттын баасы 4500 доллар болушу ыктымал


Быйыл ажылык сапардын баасы 4500 доллар болушу мүмкүн. Бирок бул акыркы баа эмес. Бул тууралуу ажылык сапарды уюштуруу боюнча штабдын жетекчиси Абибилла Кадырбердиев 21-апрелдеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул былтыркыга салыштырмалуу 1000 долларга кымбат.

Быйыл Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. Зыяратчылар акчасын 25-30-апрелге чейин тапшырышы керек.

Аларды ташыган авиакомпания Кыргызстан менен Сауд Арабиянын компанияларынын ичинен тандалат.

Муфтият 2019-2020-жылдары ажылык сапарга баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер 25-апрелден тартып беш күн ичинде төлөм жүргүзүшү керек экенин эскерткен.

Ажыга барчулардын жаш курагы 65 жашка чейин, коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жана бул инфекциядан таза экенин тастыктаган тести бар болушу керек.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы ажылык зыяратты убактылуу токтоткондон бери кыргызстандыктар ага бара элек. Ал жылы Кыргызстанга 6110 квота бөлүнгөн, сапардын баасы 3350 доллар деп аныкталган.

Ажылык мусулмандар үчүн аткарууга милдеттүү болгон беш парздын бири. Бул жылы ажылык июль айында башталары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG