Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Октябрь окуясы: Бабановдун сотко жете элек иши


Өмүрбек Бабанов, 9-октябрь, 2020-жыл, Бишкек.
Өмүрбек Бабанов, 9-октябрь, 2020-жыл, Бишкек.

Мурдагы өкмөт башчы, экс-депутат Өмүрбек Бабановдун адвокаты ал Октябрь окуяларына байланыштуу кылмыш ишинде тергөө менен кызматташканы тууралуу сөздөрдү жокко чыгарды.

Мунун алдында "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүнүн соңку чыгарылышында Башкы прокуратуранын өкүлү Азизбек Шүкүрбеков Бабанов тергөө учурунда келишим түзгөн болушу ыктымалдыгын билдирген.

Бийлик алмашуу менен аяктаган эки жыл мурдагы окуялардан улам Бабановго дагы айып коюлган, бирок ал өзүнчө тергелип жатканы маалымдалган.


"Эксперттер талдайт" программасында Башкы прокуратуранын Жазык жана жарандык сот өндүрүшү башкармалыгынын жетекчиси Азизбек Шүкүрбеков Октябрь окуялары тууралуу маалымат берип жатып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган алты адамга айыбы угузулганын бышыктады.

Дагы бир айыпталуучу Өмүрбек Бабанвдун иши эмнеге өзүнчө бөлүнгөнү тууралуу суроого ал тергөө менен кызматташууга барган болушу мүмкүндүгү менен түшүндүрдү.

Ал бул иштеги дагы бир айыпталуучу Жеңиш Молдокматовдун Бабановдун тергөө менен кызматташууга барган-барбаганы тууралуу суроосуна сотто жооп берилет деп айтуу менен чектелди.

"Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык, келишим түзүлүшү мүмкүн. Процессуалдык келишим түзүлүшү мүмкүн. Ошондуктан Бабановдун иши өзүнчө бөлүнүп, өзүнчө каралды. Калганын сотто жарыялайбыз".

Талкуунун жүрүшүндө суроону Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова дагы тактаганга аракет кылды. Ал Бабанов тергөө менен кызматташууга барса, анда кимдир бирөөгө каршы көрсөтмө бериши мүмкүн деген ойдо.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

"Айыптоочу актта Бабановдун фамилиясы жүрөт. Бардык жерде Бабанов айтылып жатат. Бирок ал сот отурумуна катышкан жок. Ошондо мен деле келишимге барса керек деп ойлодум. Келишимдин маңызын баарыбыз түшүнөбүз да. Келишимге барган киши башка айыпталуучуга каршы көрсөтмө жана кылмыштын бетин ачканга жардам бериши керек. Ошондо Өмүрбек Бабанов булардын үстүнөн же Атамбаевдин үстүнөн көрсөтмө берген болуп жатат да туурабы? Кылмыштын бетин ачканга жардам берип, келишим түзгөн болсо көрсөтмө берип, анан ага өкүм чыкты да?".

Азизбек Шүкүрбеков Сооронкулованын суроосу дагы сотто териштирилерин айтып, кыска гана жооп берди.

"Бабанов боюнча соттук териштирүүдө баары айтылат. Ошондо угасыңар. Кандай жагдайда келишим түзүлгөн, кандай жаза белгиленген ошонун баары айтылат. Соттук териштирүү жаңы башталган, баары эми жарыяланат".

Бирок Бабановдун жактоочулары, саясий санаалаштары ал тергөө менен кызматташууга барганы тууралуу сөздөрдү жокко чыгарууда.

Адвокат Амантур Абдрахманов Бабанов Октябрь окуяларына байланыштуу өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын айтты.

"Өмүрбек Токтогулович эч ким менен келишим түзгөн эмес. Мурдагы мыйзамдарда "тергөө менен кызматташуу" деген бар эмес беле. Азыр андай жок. Тергөө менен кызматташууга адам күнөөсүн моюнуна алса гана барат. Мен жактаган адамдын күнөөсү жок, эмнеге кызматташмак эле? Ишти өзүнчө бөлүнгөнүн биз чечпейбиз, тергөөчүлөр чечет. Ал жагына комментарий бере албайм. Ишти бөл же бөлбө деп айта албайбыз да".

Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев дагы тергөө менен кызматташуу тууралуу сөздөрдү прокуратура кызматкерлеринин божомолу катары сыпаттады.

Мирсулжан Намазалиев.
Мирсулжан Намазалиев.

"Өмүрбек Бабановдун Октябрь иши боюнча кыпындай дагы күнөөсү жок! Бабанов эч кандай келишимге барган эмес, эч качан барбайт дагы! Аны божомолдоп келишимге барган окшойт деген кептер эч кандай чындыкка дал келбейт, туура эмес", - деди Намазалиев.

Бабановдун Октябрь окуяларына байланыштуу кылмыш иши сотко качан өтөрү белгисиз.

2020-жылы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен катышкан, Октябрь окуяларында Бишкектеги борбордук аянтта жүргөн Тилек Токтогазиев Бабановдун ишинин өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөнүн туура эмес деп эсептейт.

"Мыйзам баарына бирдей иштеши керек. Баары бир эле иш катары кетиши керек. Анткени баары бири-бирине байланган. Эгер азыркы бийлик ошол Октябрь окуяларына катышкандарды күнөөлүү деп кабыл алып жатса, анда өздөрү бийликтеги орундарын бошотуп бериши керек. Бабановдун ишинин өзүнчө каралып жатканын туура эмес деп эсептейм, 6, 7, 9-октябрь деп күндөрдү бөлүп караса болот, бирок эпизоддор боюнча баары бирдей эле жооп бериши керек да".

2020-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык күчөп, андагы бир адамдын өлүмү менен аяктаган тоз-тополоң бийлик алмашуу менен аяктаган.

Ошол окуялар маалында Бабанов ага "Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов премьер-министр болууну сунуштаганын, аны кабыл алганын "Азаттыкка" билдирген.

Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

"7-октябрда таңга маал саат беште Алтынбек Сулаймановдун жанында жүргөн Жеңишбек деген жансакчысы келип, уктап жаткан жеримден тургузган. Ошондо мен телефондон Жоодар Шадыканов менен сүйлөшсөм ал ““Жаннат” мейманканасынан жолугалы, ошол жерден “Реформа”, “Бир Бол”, “Ата Мекен” биригип сизди көрсөтөлү” деди. Мен “Жаннат” мейманканасына барсам, ал жерде Тилек Токтогазиев, Клара Сооронкулова, Элвира Сурабалдиева, Алтынбек Сулайманов, Жоодар Шадыканов бар экен. Алар “Сизди премьерликке көрсөтүүнү туура көрдүк, сизди колдойбуз. Биздин шартыбыз – Алтынбек спикер болот, анан сиз премьерликке шайланасыз” дешти. Мен макул дедим”.

Алтынбек Сулайманов кийинчерек Бабановдун айткандарын жокко чыгарып, ал өзү өкмөт башчы болгусу келген деп түшүндүргөн.

Бабанов ошол маалдарда айрым басылмаларга 9-октябрдан кийин Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен жолукканын айтып маек берген. Ташиев анын айткандарын жокко чыгарган.


Октябрь окуяларына байланыштуу жалпысынан беш кылмыш иши козголуп, миңдеген адам күбө катары сурак берген.

Былтыр мартта мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда Бабановго каршы козголгон кылмыш иштерин тергөө токтогон.

Атайын кызмат анда саясатчы өз ыктыяры менен мамлекетти колдоо ирээтинде 100 миллион сом төгүп берерин билдирген.

2019-жылы ошол кездеги Финансы полициясы Бабановго каршы сегиз кылмыш иши бар экенин маалымдаган.

Бирок Бабанов былтыр майда "Кумтөр" ишине байланыштуу камалып, августта саламаттыгына байланыштуу деген жүйө менен үй камагына чыккан. Ал бул кылмыш ишини "абсурд" деп билдирген. Бабанов саясаттан кеткенин бир канча жолу жарыялаган.

Октябрь окуясы: Сот жараянындагы суроолор
please wait

No media source currently available

0:00 0:46:23 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG